Бүгүн, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Россия Федерациясынын тышкы иштер министри С.Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маектешүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Россия Федерациясына болгон биринчи иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү багыттары жана келечеги боюнча пикир алмашышты. Аталган маселелердин тизмесине Россияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргыз Республикасына жеткирүү, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол байланыштарын калыбына келтирүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүн уюштуруу, эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун линиясы боюнча өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу күн тартибинин башка актуалдуу темалары кирген.
Тараптар кыргыз-россия мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча иш алып барууга даяр экендерин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ