Menu

Чүй облусунда мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун ИИББдүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Чүй ОИИББдүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Аламүдүн районунун аймагындагы ишканалардын биринде Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган. Алар 1996-жылы туулган Д.Н., 1988-жылы туулган Х.Д., 1997-жылы туулган Р.Т. жана 1972-жылы туулган Х.М. аттуулар болушкан. Аталган жарандар иш-кананын ичинде жатып иштешкени териштирүү учурунда аныкталган.

Чогултулган материалдар УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: