Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ