Menu

КРнын жана Армениянын ТИМ башчылары эки тараптуу мамилелердин азыркы абалын жана келечегин талкуулашты

Бөлүшүү:
Кечээ, 2-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Армения Республикасынын тышкы иштер министри А.Айвазян менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул  тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кыргыз-армян мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштуруу, ошондой эле ушул жылы биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда, тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги экинчи саясий консультацияларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Эл аралык актуалдуу маселелер, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын өз аракеттенүүсү, биринчи кезекте БУУ, КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүсү боюнча кылдат пикир алмашуу болду.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча кызматташтыкты өркүндөтүүгө умтулууларын ырасташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: