Бүгүн, 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 142 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 90, Чүй облусунан – 44, Ысык-Көл облусунан – 7, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 842 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 98 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 077ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 49, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 35, Ош облусунан – 5, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 5, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1502ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ