Күн-Туу айылында унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу түнкү саат 00:00дөр чамасында маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ