Menu

Видео – Аксынын Кош-Дөбө айылынын тургуну чек ара маселеси боюнча Камчыбек Ташиевдин келип кетүүсүн суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-апрелде Аксы районунун Кош-Дөбө айыл округуна караштуу Торук айылынын тургуну Шералы Гүлжигитов социалдык тармактар аркылуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасады.

Анда ал 2010-жылы июнь окуялары учурунда Өзбекстандын аймагындагы кыргыздын Торук анклавында жашаган 22 үй-бүлө Кыргызстандын аймагына качып чыгып, анклавдагы кыргыз жерлери, үй-мүлктөрү калып калганын. Эми ал чакан анклавдын тагдыры кандай чечилерин сурап, буга чейин Өзбекстан ал жерлердин ордуна алмашууга жер берүүгө убада кылып келгенин билдирет.

Кайрылуунун аягында Шералы Гүлжигитов КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди айылга келип, эл менен жолугушуп кетүүгө чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: