Menu

Салык кызматы 1-кварталда 21,7 млрд сом салык жыйнады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 млрд 743 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 106,5 %га аткарылды же 1 млрд 320 млн сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыктар 4 млрд 658 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 127,3 %ды түздү.

Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 17 млрд 100 млн сом салык жыйналды, план 104,4 % га аткарылды же 717 млн сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 млрд 901 млн сомго өстү (өсүү темпи 129,6 %).

Жергиликтүү бюджетке 4 млрд 643 млн сом салык түштү, план 114,9 %га аткарылды же 603 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 757 млн сомго көп жыйналды (өсүү темпи 119,5 %).

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

47 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: