Menu

Баткендеги биргелешкен аскердик машыгуу салтанаттуу жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан, Баткен облусунун аймагында  уюштурулган “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу салтанаттуу жыйынтыкталды. Бул тууралу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кризиске жооп кылуу борборунун башчысы  Алмаз Камаловдор, жалпы  катышуучуларды машыгуунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге, окутууга жигердүү катышкандыгы, көрсөткөн кесипкөйлүгү, ошондой эле аскердик абал киргизилген шарттарда, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүн уюштурууга кошкон салымы үчүн, коргоо министринин жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Машыгууга 2 миңге жакын  адамдар катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылды.

Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилип, бул шарттарда аскердик жана мамлекеттик органдар  күжүрмөн аракеттерин көрсөтүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: