Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Биз, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Садыр Жапаровдун бул кадамынан коркпойбуз”

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев президент Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөгө тапшырма бергенин негизсиз деп эсептейт. Мындай ойду Дүйшөбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров учурдагы саясий кырдаалдардан элдин оюн бурдуруш үчүн Июнь окуяларын териштирүүгө тапшырма берип жатат.

«Июнь окуясына быйыл 11 жыл болот. Бул аралыкта мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде үч жолу комиссия түзүлүп, окуядагы жагдайлардын бардыгы текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлүп, бүт майда-чүйдөсүнө чейин иликтенип бүткөн. Учурдагы бийлик менимче азыркы өлкөдөгү экономикалык жана саясий окуялардан элдин көңүлүн башка жака буруш үчүн Июнь окуяларын казабыз деп жатышат. Бирок биз, ошол убакыттагы өкмөт мүчөлөрү жана аталган окуяга тийиштүү териштирүүлөрдү жүргүзгөн адамдар Жапаровдун бул кадамынан коркпойбуз. Себеби өз убагында биз, бардык аракеттерди жасап, дыкаттык менен ишти бүтүргөнбүз»,— деди Кеңешбек Дүйшөбаев

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, уруш, талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолгон.

Андагы расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 446 адам каза таап, он миңге чукул жаран жаракат алган. Окуя боюнча 5 миңден ашык кылмыш иши козголуп, 488и боюнча сот чечими чыккан. Калган 3000ден ашык иш убактылуу токтоп турат.

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев баш болгон ал кездеги «Ата-Журт» партиясынын мүчөлөрү каргашалуу Июнь окуяларында Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн шалаакылыкка айыптап келе жатышат. «Июнь окуялары кайрадан иликтениши керек» деген оюн Садыр Жапаров 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келгенинде дагы айтканы бар.
Булак: serep.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: