Menu

Алматыда карантин чаралары жумшартылды

Бөлүшүү:

Казакстандын эң чоң шаары Алматыда карантин эрежелери жумшартылды.

Калаада эпидемиялык абал начарлап жатканын мойнуна алганы менен Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин соода, оюн- зоок борборлоруна жумуш күндөрү кечки саат 22.00гө чейин иштөөгө уруксат берди. Дем алышта алар жабык болот. Ачык жана жабык азык-түлүк базарлары жекшембиден бөлөк күндөрү иштей беришет.

Коомдук тамактануу жайлары – ашкана, кафе жана мейманканалар жумуш күндөрү 7.00дөн 22.00гө чейин ачык болот.

Мейманканалар жана туристтик комплекстер, сулуулук салондору орундарынын 50% толуктоо менен иштей алышат. Билим берүү борборлору да сабак берүүгө мүмкүндүк алышты, болгону топтогу кишилердин саны ондон ашпоого тийиш.

Мартта карантин чараларынын катаалдашы ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Алар мамлекеттен жумушчулардын маянасы жана ижара акысы үчүн күнүнө 2 миллиард теңгеден төлөп берүүнү талап кылышкан.

Санитардык дарыгердин жаңы токтому менен студенттер жана окуучулар окуу жылын дистанттык түрдө аякташат. Бул арада мектептин 1-5 жана 9,10 класттарынын окуучулары ата-энелердин өтүнүчү менен кезек менен окуй алышат. Мындай класстарда балдардын саны 15тен ашпоого тийиш.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: