Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 139 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 123, Чүй облусунан – 9, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 89 153 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 107 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 271ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 77, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 26, Ысык-Көл облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1507ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ