Menu

ИИМ: Каракчылык жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топтун иштердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери каракчылык жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топтун иштердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бу тууралуу бүгүн, 5-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыгынын биринин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн  2-пункту (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Бул оор кылмыш иши боюнча  ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн.

2021-жылдын март айынын аягында “Асанбай” кичирайонунда бир нече белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында эки жаранга кол салышкан.

Жабырлануучулардын бири 20 жашта, ал эми экинчиси жашы жете элек өспүрүм болгон. Кылмышкерлер «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү  автоунааны жолдун жээгине кысып барып токтотушкан.  Жабырлануучулардын 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Андан сырткары, эки жаранды адамдар жок жерде мыйзамсыз кармашып,  бирөөсүн кылмышкерлерге 2000 АКШ долларын карызмын деп тил кат жаздырууга мажбурлашкан. Андан соң физикалык күч колдонушуп, алардын автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга мажбур кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, 2021-жылдын 31-март күнү жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн такташып кармашты.

Кармалган жарандар шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 1996-жылы туулган С.И. менен Сокулук районунда жашаган 1998-жылы туулган Э.Б. болуп чыкты.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: