Menu

Жалал-Абадда шайлоого карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн 5-апрелде Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамдары катышышты.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев өздүк курамдын шайлоого карата даярдыгын текшерип, шайлоо участокторунда татыктуу кызмат өтөөгө чакырды. Андан соң ички иштер органдарында көп жылдар эмгектенип, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөшкөндүктөрү жана ИИМдин ок атуу боюнча чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылгандарга медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Соңунда өздүк курам жана техникалар салтанаттуу жүрүштөн өтүп, кызматкерлер кызмат өтөөчү шайлоо тилкелери менен тааныштырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: