Бүгүн, 5-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок баштаган парламенттик делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналып тургузулган мемориалдык эстеликке гүлчамбар коюшту. Делегацияны Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коштоп барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ