Menu

Шайлоого карата Нарын ОИИБнын милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат

Бөлүшүү:

Шайлоого карата Нарын ОИИБнын милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул багытта  бүгүн  Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев  атындагы борбордук аянтта  Нарын ОИИБнын өздүк курамы, Кыргыз
Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы өзүнчө ротасынын, ЖКККБнын, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмү жана  Нарын шаардык  күзөт бөлүмү, Нарын ОИИБнын ардагерлери, Элдик кошундар  үчүн горнизондук саптык  кароо өттү.

Өздүк курамдын даярдыгы   каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, 11-апрель күнү   Кыргыз Республиксынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого  жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти  коомдук  коопсуздукту камсыздо,  коомдук тартипти, коомдук саясий коопсуздукту сактоо жана мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгилеп  өттү.

Ошондой эле   ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол бербөө жана андай фактыларга жол берилсе ыкчам  иш аракеттерди мыйзам талаасында иштерди күчөтүлгөн тартипте алып баруу милдеттерин койду.

Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде миңден ашык коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өздүк курамдын, ардагерлердин жана элдик кошуундардын мүчөлөрү иш алып барышат. Мындан тышкары шайлоо күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн тергөө тобунун 100 кызматкери тартылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: