Аксы районунда жакында төрөгөн 7-класстын окуучусун зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан “Зордуктоо” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. Иштин алкагында 17 жаштагы А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарган. Мектеп окуучусунун кош бойлуу экендигин ата-энелери дагы, мугалимдери дагы билишкен эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ