Menu

Исмаил Исаков, генерал: Чек ара боюнча комиссиянын Ташкенттеги протоколу улуттун кызыкчылыгына жооп бербейт

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек, кыргыз-таджик чек араларын делимитациялоо иштери, президент С.Жапаровдун Ташкентке болгон сапарынан кийин, мурда болуп көрбөгөндөй жандана башталганын, адилеттүүлүк үчүн, белгилеп коюшубуз керек. Чек ара маселеси боюнча комиссиянын жетекчиси УКМКнын төрагасы К.Ташиев мырза мурунку комиссиялардын төрагаларынан айрымаланып, экинчи тараптар менен тең ата сүйлөшүүгө жетишкени, анын “бир сантиметр жерди бербейбиз” деп айткандары коомчулуктун бир топ катмарын кубандырса, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген маалыматы ар кандай ой-пикирди жаратып, коомдун экинчи катмарынын мүдөөсүнө толбой “артык кылам деп, тыртык кылды” дегендер дагы чыкты. Балким, К.Ташиев мырза чек ара, жер, суу жана эки мамлекеттин ортосундагы “топтолуп келген” ар кандай көйгөйлөрдүн түпкү маңызын билбегендир. Мүмкүн кандайдыр бир күчтөрдүн таасиридир?. Ким билет? Андыктан, октябрь окуясынан кийинки Ташкенттин бизге болгон мамилесине жана президенттин расмий сапарына көз салып көрөлү.
Өзбекстандын жетекчилери, президент С.Жапаровдун сапарына жогорку деңгээлде даярданышып, бизден барган жоон топту салтанаттуу тосушуп, “чыгыштык” меймандостуктун эң жакшы жагын көргөзүшүп, келишимдердин (20 ашуун) баарына кол коюуга жетишишти.
Албетте, ушундай орчундуу маселелер С.Жапаровдун кыска мөөнөттүк сапарында тез эле маакулдашылып бир пикирге келиши мүмкүн болбой, министрлер салтанаттуу түрдө келишимдерге кол коймок эмес. Бул жетишкендиктер, эки тараптын жетекчилеринин жеке көзөмөлдөрүндө, көздөн алыс, алдын ала даярдалгандыгы айтпаса да эми түшүнүктүү болуп калды. Анткени, протоколдорго коюлган колдордун сыясы кургай электе, МУКК төрагасы К.Ташиев, Сох анклавына коридор ачылышы тууралуу “андай болбойт” дегендей билдирме жасады. Ал эми, биздин “жарсалгыч” (автордун котормосу-“пресс секретарь”), Өзбекстанга болгон сапардын жетишкендиктерин билдирип жатып, алар бизге Ункүр-Тоону “белек катары бергенин” жар салып жиберип, коомчулуктун төө бастысынан кийин, премьер У.Мариповдун “эрдигин” кайталоого аргасыз болуп артка кайтты. Андан башка, президент С.Жапаров, “Азаттык” радиосуна берген маегинде “отуз жылдан бери бүтпөгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин, үч жылда бүтүрөбүз, сүйлөшүп, келишимге кол койдук, иш башталды” десе, аны менен кошо барган жоон топтун мүчөсү, инвесторлорду тартуу боюнча “башкарма” А.Шыкмаматов “жоок, болгону биз ошолорду салуу боюнча каалоо тилегибизди эле билдирдик… болгону меморандум” деп, элдин башын маң кылды…!!!
Мынчалык орой, карама каршы билдирүүлөргө карабастан, С.Жапаров башында турган биздин жоон топтун Ташкентке болгон сапары сырттан караганда ийгиликтүү болуп, алардын кубанычтуу жана олжолуу кайткандары баарыбыздын купулубузга толгон эле. Ташкенттин меймандостугунун алкагында, министрлер келишимдерге салтанаттуу түрдө кол коюшуп, келишимдердин текстерин өз ара алмаштырышкандан кийин, эки тараптын министрлери хандар заманындагыдай, эки президенттин алдында баштарын ылдыйлатып “ийилгендери” сапардын “көркүн” чыгарды. Орустар мындайды “это было нечто!!!” деп коюшат. Андан кийин, өзбек президенти биздин делегацияга самолет, вертолет, автоунаа жана башка техникаларды чыгарган ишканаларды көрсөтүп, аягында кур кетпегиле туугандарым деп, баалуу белектерди (вертолет, санитардык машиналарды) тартуулады. Өзбекстандын президентинин, урматтуу Шавкат Мирзиёевдун мартчылыгы, адамгерчилиги жана бизге болгон тууганчылык мамилеси баарыбызды ыраазы кылды. Бишкекке келгенде, биздин президент “Азаттык” радиосуна “биз алардан 40 жыл артта калыппыз” деп алардын жетишкендиктерине баа берди.
Ташкенттин мындай жылуу мамилесинин жана мартчылыгынын артынан алардын ойлогон максаттарын жана эмнеге жетишүү аракеттерин билдикпи? Өзүбүздүн кызыкчылыктарды коргой алдыкпы? Менин жеке оюмча биз, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго жетише албай, экономикабыздын өнүгүшүнө зор таасирин бере турган жана маанилүү рычагдарды колдон чыгаруу коркунучун пайда кылдык. Ал эми, өзбек элинин лидери жана президенти Урматтуу Шафкат Мирзиёев, өзбек өкмөтүн 13 жыл башкарган, тажырыйбасы эбегейсиз зор, ар бир тамчы суунун баркын билген, кесиби боюнча ирригациялоо жана механизациялоо боюнча инженер катары, тээ И.Каримов убагынан бери көксөп келген стратегиялык максаттарына күчтүү дипломатиянын, чыгыштык сый-урмат, адамгерчилик жана марттыгы менен жетишти. Анын ийгилиги шахмат гроссмейстеринин тили менен айтканда “өзбек гамбитине” тете болду. Ошентип, Ташкент, өзгөчө 2001-жылдан бери ишке ашыра албаган суу ресурстарыбызды толук көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Баарыбыз жакшы билгендей, биздин аймакта Нарын дарыясынын суусунан башка, Өзбекстандын айыл чарбасына иштей турган үч суу сактагыч СССР убагында курулган:
1) Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагындагы “Кампир-Абат” суу сактагычы (Кара-Дарыянын, Гүлчө-Куршап, Жазы дарыяларынын куймасы, аянты 5731 га, суунун пайдалуу көлөмү: 1978 ж-800 млн.куб.м, 1980 ж-1750 млн.куб.м, 1984 ж-1900 млн куб.м, бүткөнүнө 42 жыл болду.
2) Ала-Бука районунда “Орто-Токой” суу сактагычы (Терек-Сай дарыясынын куймасы, аянты 850га (660 га), көлөмү 165 млн куб.м), биздин 1,5 миң, Өзбекстандын 28 миң га эгин талаасын суу менен камсыз кылат. 1940-жылы башталып, 1948-жылдары ишке берилген, 72 жыл болду.
3) Араван районундагы “Керкидан” суу сактагычы (Тенгизбай-Исфайрам дарыясынын куймасы, аянты 1041 га, көлөмү 624 млн куб.м). 1967-жылы ишке берилген. Бүткөнүнө 53 жыл болду. Өзбекстандын 80 миң га ашык эгин талаасын суу менен камсыз кылат. (“Керкидан”, “Керки”-ыңгайлуу, “дан эккенге ыңгайлуу”).
Кампир-Абат суу сактагычында кошумча эки ГЭС курулган, биринчиси (ГЭС-1), 1983-жылы ишке киргизилген, кубаттуулугу 50 мегаватт, жылына орточо эсеп менен 171 млн кВт саат электроэнергия чыгарат, андан кийин (ГЭС-2), 2006-жылы ишке киргизилген, модернизациялоонун негизинде 2019-жылдан тартып кубаттуулугу 190 мегаватт, жылына орточо эсеп менен 500 млн кВт саат электрэнергия чыгарат. Биздин өкмөттүн адистеринин эсеби менен Өзбекстан, 2018-жылга чейин 230 млн АКШ долларын тапса, кийинки эки жылда 1 млрд кВт саат электроэнергия өндүрүп, 1 кВт=1 сомдон сатышса, 12,5 млн АКШ доллар пайда табышып, ушул эле көрсөткүч менен акыркы 30 жылда 252,5 млн АКШ доллар киреше алышкан.
Кампир-Абат суу сактагычы 1978-жылы ишке киргизилгенде, Өзбек Республикасында 44,3 миң гектар сугат жер пайда болгон. Эгерде алар ушул пайда болгон жерге буудай эгишсе, (айыл чарба министрлигин эсеби боюнча, биздин шартта 1 гектардан 2,5 т буудай алынат, Өзбекистанда бул көрсөткүч 5,5 т), орточо 1 т (2, 3 класстагы) буудайдын базар баасы 250 АКШ долларды түзсө, анда алар, жылына наркы 60,9 млн долларлык, 243 мин тонна, же 42 жылда 2,5 млрд долларлык 10,2 млн тонна буудай өндүрүшмөк. Ал жерлерге өзбек туугандар, жогорку рентабелдүү, валюта алып келүүчү пахта жана башка өсүмдүктөрдү эгишет, кызыккандар болсо ушун формула менен бул өсүмдүктөрдөн түшүүчү пайданы эсептеп алышса болот.
Келишим боюнча Бүргөндү массивине чейин 149 км канал куруп, анын негизинде бизде 20 миң гектардан көп сугат жерибиз пайда болмок. Ал жерди сугаруу үчүн канал аркылуу 227 млн куб.м сууну, суу сактагычтан алып турмакбыз. Эгерде 20 миң га жерге биз буудай эккенде, жогорудагыдай эсеп менен жылына наркы 12,5 млн долларлык, 50 миң т, 42 жылда 525млн долларлык 2,1млн тонна буудай өндүрмөкбүз. Андан башка, Өзгөн, Кара-Суу райондорунун кээ бир айылдарында жер астынан суу чыкпас үчүн, коллектордук-дренаждык системаларды курмак. Тилеке каршы, өзбек тарап, алардын бирин дагы бүгүнкү күнгө чейин аткарышкан жок. Болгону, кара топурактуу, эгин эккенге эң ыңгайлуу 5731 га биздин жердин ордуна, алар 4127 га таштак, суу чыкпаган, эгинге пайдасыз Бонитеттик сапаты боюнча 43-61 баллдуу жерлерден бөлүп-бөлүп ар кандай участкалардан “беришиптир” (комиссия түзүп, качан, кайсы участокторду бергенин текшерүү зарыл), 1604 га жер компенсацияланбай, бизге берилбей калган экен. Андан башка, плотинанын проекти боюнча 906,5 м бийиктигин, 1984-жылы биздин уруксатсыз, өз алдынча 908,5 м көтөрүшүп (плотинанын бийиктиги 2 м көтөрүлгөндө), кошумча биздин 269,5га эгиндик жана 7,5 га көп жылдык өсүмдүктүү жерибиз суу алдында басылып калган. Компенсацияланбаган жана суу астында калган жерлер 2518га түзүп, коллектордук-дренаждык системаны салбагандыгынын кесепетинен Өзгөн, Кара-Суу райондорунун (Кароол, Куршаб, Баш- Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Жаңы- Арык жана Савай) айылдык аймактарында жалпысынан 5028,4га жер сазга айланып, жерден туз чыгып, айыл чарбалык ишке жарабай, жылына жогоруда “буудай эквиваленти” менен эсептелгенде биз 4,7 млн доллар, акыркы отуз эле жылдын ичинде 141,5млн доллар зыянга учурадык. 800гө жакын турак үй бүгүн авариялык акыбалда, канчалаган жарандар оорулуу болуп, кээ бирлери үйлөрүн таштап кетишти, орто эсеп менен турак үйлөр боюнча эле биздин өкмөттүн адистеринин 2018-жылдагы эсебинде, 210 млн долларлык зыян тарттык. Эң кейиштүүсү жер алдынан (0,7м-1,2м) суу чыккандыктын кесепетинен маркумдардын сөөгүн жерге берүү өзүнчө көйгөйгө айланды.
Эгерде Орто-Токойдун 660 га, Керкидандын 1041га жогорудагы расчет менен эсептесек, жылына 4252,5 т, 1 млн 63 миң АКШ долларлык, акыркы 30 эле жылда 31,8 млн АКШ долларык киреше тапмакбыз.
Ташкент, бир гана Кампир-Абат суу сактагачынын эсебинен пайда болгон 44,3 га сугат жерине 42 жылдын ичинде, шарттуу буудай менен элекроэнергиядан 2,75 млрд АКШ долларынан ашык киреше тапса, Баардыгы биригип, биз жолдордун жана үч суу сактагычтын кесепетинен, 1 млрд 208,3 млн АКШ долларлык зыянга учурадык. Бул каражатка, биз туурасы 8м болгон 12083 км, же Бишкек-Торугарт (500км) жолун 2,5 жолу салып, акыркы МУКК тендеринин баасы менен 9 кабаттуу 2-3 бөлмөлүү 81 батирлүү 105А сериясындагы панелдик үйдөн (баасы орточо 1,17 млн доллар) 1032 үй (83630 батир) салып, 334 523 жараныбыз (орточо бир үй-бүлө 4 болсо), же болбосо жабыр тарткан Кара-Суу районунун дээрлик калкы бекер үй менен камсыз болушмак.
Эми, чек араны делимитациялоо иштери боюнча, “Союз учурундагы Республикалардын ээлешкен аймактарын тааныйбыз, чек араларын бузбоого кепилдик беребиз…” деген, эл аралык декларацияларга (Алма-Ата, Минск, Москва) жана “Достук“, “Түбөлүк достук…” келишимдерине (14.03 1991ж, 24.12 1996ж, 10.01.1997ж) карабай, өзбек туугандар, 90-жылдардын аяктарына чейин делимитациялоо иштеринен мурда, биздин кээ бир участокторду кошуп алуу менен “демаркациялык” (тикенек зым менен тосуу, траншеяларды казуу) иш-чараларды зордук-зомбулук жолу менен биздин суранычка, ыйга, көз жашка, азап тартканыбызга карабай бир тараптуу жүргүзүшкөндүктөн, биз бул жактан дагы миллиарддаган сомдук, орду толгус зыян тарттык. Азыркы жаштар жана ошол убакта Бишкектен чыгып Таш-Көмүрдөн ары өтпөгөндөр мүмкүн билбестир, бирок, орто жаштан жогорку, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашоочулары жана ал тарапка каттагандар өтө жакшы билишет. Башка майда-барат айланма жана Баткен багытындагы жолдорду кошпогондо, 300 миллион доллардан ашык кредитти моюнга илип, 300 км ден көбүрөөк Ош-Куршаб-Өзгөн-Жалал-Абад, Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-Кербен, Таш-Көмүр-Кегети-Авлетим-Кербен, Кербен-Ак-Там-Ала-Бука, жолдорун салганыбызды ким жокко чыгара алат?! Тикенек зымдарды тартып, траншеяларды казып, жоокерлери менен бажычыларын коюп, жолдорду тоскондорунун кесепетинен биз, жайында тоо этеги менен борпоң топурактуу жердеги булуттай болгон чаңды жутуп, көпүрөлөрү жок суулуу сайды аралап, канчалаган автоунааларыбызды талкалап, жаандуу күндөрдө тизеден келген баткактарда тыгылган машиналарыбызды түртүп, алардын посторун айланып жүргөнбүз. Анысы аз келгенсип, ата бабаларыбыздын күмбөздөрүн тосушуп, барууга мүмкүнчүлүк болбой калган күндөрүбүз эстен чыга элек. Ошо күндөрү “коңшуларыбызга келишимдердин аткарылыштарын талап кылып, адекваттуу чараларды көрөйлү, жерлерибизди бердирбейли, посторду алдыралы, жолдорду салып, элибиздин катташына шарт түзөлү” деп, “бир ууч” оппозицияга айланып, раматылык агабыз А.Масалиев баш болгон, раматалык Д.Садырбаев менен Б.Акунов жана О.Дүйшеевди, А.Бекназаровду, И.Кадырбековду А.Мадумаровду, Ө.Текебаевди, А.Проненкону, А. Малиевди, А.Абдимомуновду жана мени, А.Акаев баш болгон бийлик, анын кошоматчылары, “дүжүр-мүжүрлөрү” “буларды бир автобуска тыгып жардан кулатып ийиш керек” дегендерине карабай, посторду алдырып, бүгүнкү зымыраган жолдорду салдыртуу менен кээ бир участкаларды сактап калган биз эмей ким эле? Ал учурда, тиги тарап Ункүр-Тоо жана Гава-Сайга тийе албай, калгандарын “өзүбүздүкү” деп, делимитация эмес, демаркациялык иштерин бир тараптуу бүтүрүп албады беле? Азыр дагы эки катардуу зым менен тосулган, траншеялары казылган, участокторду түштүк тарапка баргандар көрүшпөйбү?
Мына, “достуктун, түбөлүк достуктун” жана бир тараптуу чек араны “демаркациялоо” иштеринин баасы! Биздин кээ бир “саткын”, “жүнү бош” жетекчилерибиздин айынан, Гава-Сайдагы 19 миң га жерди, 2013-жылы вице-премьер Т.Мамытов учурунда, Чек ара кызматынын жетекчиси Т.Усубалиев, аларга берүү протоколуна кол коюп, биздин “талаптан” кийин, койгон колунан баш тартып, артка кайрып алганын анча мынча депутаттар менен ЖК отделинде иштегендер билсе дагы көпчүлүк билбеши мүмкүн. Ошондой эле окуянын Ункүр-Тоо боюнча, Т.Сариев премьер учурунда болгонун, өзгөчө Азимбек иним баш болгон Аксылык туугандар жана жаш жигитибиз Ж.Молдокматов унутпаса керек. Ал эми СОХко коридор берүү боюнча, 2001-жылы Бакиевдин Бишкекте, Баткенди “Боткент” деп, кол койуп, Баткенди 100 пайыз анклавка айланткан келишимин, биздин демилге менен Жогорку Кеңеште караганда ал, “бир ууч” оппозициянын төө бастысынын алдында калып, укпаганды уккандан кийин, колун артка кайтарып алганын эл унутса дагы, Бакиев өзү эч качан унутпаса керек!
Ошентип, Өзбек тарап, демаркация иштерин бир тараптуу мыйзамсыз, эчак эле бүтүрүп алып, эми делимитация иштерин “3 айдын ичинде бүтүрөйлүк” деген, шашылыш ураандын алдында эмнеге жетишишти?
1) «Камбар-Ата-1» ГЭСин эле эмес, биздеги болгон гидробьектилерибизди курууга катышуу менен стратегиялык өтө маанилүү рычагыбыз-суу ресурстарыбызды толук көзөмөлгө алууга;
2) СОХ анклавынын элин чоң “материгине” түз, токтоосуз жана текшерүүсүз катнашына;
3) Өзүбүздүн Ункүр-Тоону өзүбүзгө “белекке” берүү менен 72, 53 же 42 жылдакы убакытта, бизге келтиришкен зыяндарынан жана келишимдердеги милдеттенмелерин аткарбагандарынын кесепеттеринен биздин колдон чыккан кирешелерибизди мыйзамуу түрдө төлөө маселесин биротоло “көмүүгө”;
4) «Кампир-Абад», «Орто-Токой» жана «Керкидан» суу сактагычтарын толугу менен өздөрүнүн карамагына жана көзөмөлүнө алууга.
Тилеке каршы, сүйлөшүү учурунда, базардагыдай соодалашпай, биз тарткан зыяндарды жана алардын кесепетинен колдон чыккан 1,275млрд АКШ долларынан ашык кирешелерди, жүйөлүү фактылардын негизинде, дипломатиялык чеберчилик менен келтирип, суу сактагычтарыбыздын эсебинен алар 72, 53, 42 жылдардын ичинде канча кошумча пайда тапкандарын адистер аркылуу эсептетип, анан сүйлөшүүгө барса туура болмок. Арзыбаган белек-бечкекке сүйүнбөй, маселени терең иликтебей, мурун алган өз милдеттенмелеринин аткаруусун талап кылып, зыяндардын жана колдон чыккан кирешелердин ордун толтуруу маселеси кабыргасынан коюлса, адилетүүлүк орноп, улуттун кызыкчылыгына жооп бермек. Азыр “айрымдарыбыз” айтып жатабыз, “протоколдорго кол коюлду, биз мынча га жер алдык, мурункулар жасай алган эмес, жоопкерчиликти биз алдык, кээ бирлери көрө албастык кылып жатышат”деп. Туура, мурункуларга караганда активдүү иш башталды, “күпүлдөгөн” сүйлөшүүлөр жүрдү, бул чындык. Мурункулардын жетишкендиктери суу сактагычтарды (Орто-Токой) жана жерлерди (Үнкүр-Тоо, Гава-Сай) бербей кайрадан өзбүзгө ала баштагандыгы. Эми азыркынын жыйынтыгын салыштырып көрбөйлүбү? Кыргыз эли адилетүүлүкө жеттиби? 72, 53 же 42 жылдан бери өзбек туугандар, өз милдеттерин аткарбагандыктардын кесепетинен бизге келтирилген зыяндардын орду толтурулдубу? Анысы аз келгенсип, биздеги суу сактагычтардан ажыроо эле эмес, анын алдындагы, ичиндеги жана тегерегиндеги байлыктардан кол үзүү коркунучу пайда болгонун түшүнгөн жокпузбу…???.
Мен ойлойм, эгерде, ким болбосун жүйөөлүү негиздерди жана фактыларды келтирип, зяындарды жана колдон чыккан кирешелердин ордун толтурууну мыйзам чегинде талап кылып, кыргыз элининин кызыкчыларын коргосо ал, чыныгы патриот. Мындай талапты коюу, Нарындыгына же башка облустугуна карабай ар бир кыргыздын жигити менен кызынын, атасы менен баласынын, көк сакал менен аксакалынын эле эмес, жалпы кыргыз элинин ыйык милдети. Чыдамдуу кыргыз эли коңшулардын мыйзамсыз, бир тараптуу иштеринин баарына чыдады, баарын көтөрдү, чөгөлөбөдү, кайрадан турмуштун кээ бир багытынан артка эмес, алдыга да кетти. Сократ “Платон мне друг, но истина дороже” дегендей, алар бизге дос, тууган, түбөлүк жашоочу коңшу, бирок, улуттун кызыкчылыгын коргоп, базар экономика заманында, алар менен эсептешип, адилеттүүлүктү орнотуп, ынтымакта жашайлы дешибиз керек болчу. Катаны кетирдик, азыр дагы кеч эмес аны оңдоо жолдору бар. Ал үчүн:
1) Суу сактагычтарды эч качан, эч бир жерлерге алмаштырбоо, алардын карамагына же көзөмөлүнө өткөрүп бербөө керек. Себеби, суу сактагычтардын алдында алтындай эле байлык жатат. Ал нерсе-ылай топтому “сапропель” ((ил) базар баасынын 1кг=40-60 сом), экологияга зыянсыз, азыркы трендге жооп берген, органикалык тамак-аштын негизин түзгөн, эффективдүүлүгү минералдык жер семирткичтерден кем калбаган жана косметикалык каражат катары дагы колдонулуучу зат. Аны иштетүүгө цианид уусу колдонулбайт, мөнгүлөр талкаланбайт, аны алып чыгып, кургатып, таңгактап, керек болсо килограммдап сатып мамлекет эбегейсиз чоң киреше тапса болот, ошону менен бирге суу сактагычтарды тазалап, суунун көлөмүн көбөйткөнгө жетебиз. Андан башка суу жаныбарларын өстүрсөк болот. Дем алуучу жайларды куруп, суунун тегерегин элибиздин ден-соолугун чыңоочу жайларга айлантсак, кантип болбосун? Ушулардын баары экономикабыздын өнүгүшүнө салымдарын кошот эле го.
2) 72, 53 жана 42 жылдын ичинде бизге келтирилген зыяндарды жана колдон чыккан кирешелерибизди төлөп берүүсүн талап кылбасак дагы жок дегенде акыркы 30 жылдагысын талап кылышыбыз керек. Болбосо, эл аралык сот аркылуу төлөөгө мажбурласак болот. Бул биздин Өкмөттүн, тагыраак айтканда ант берген атка минерлердин түздөн-түз милдети.
3) ГЭСтерди өзүбүз салышыбыз керек. Өзүбүздүн адистерди өстүрөбүз, алардын тажырыйбаларын жогорулатабыз. Өзбек туугандар ГЭС салабыз дешсе, биз каршы болбойлу. Келтирилген зыяндардын эсебинен бизге салып беришсин, болбосо башка өлкөлөрдү тартайлы. “Белеги жок”, “шапкеси жок” сүйлөшсөк, соттун чечимисиз “баса калбай”, инвесторлордун иштөөсүнө шарт түзүп, коргосок, мыйзамдар иштесе, инвесторлор кантип келбесин? .
4) Келишимдин негизинде 1978-жылдан бери ишке кирген Кампир-Абат суу сактагыч боюнча 42 жылдан бери алар тараптан салынбай келген коллектордук-дренаждык системаны, К.Ташиев иним айткандай өзүбүздүн бюджеттен эмес, коңшулардын эсебинен 2022-жылга чейин куруп берүүнү кабыргасынан коюп бүтүртүү жана 149 км канал курууга кетчү каражатты төлөп берүүнү талап кылалы. Буларды аткаруу келишимдин негизиндеги алардын милдети, биздин мыйзамдуу талабыбыз.
5) Суу сактагычтардын алдындагы эң баалуу “сапропелди” иштетүү боюнча Өкмөткө тапшырма берип, биринчи ирээтте, кыргыз инвесторлорун тартып, жумуш ордун түзүүнү ишке ашыралы. Бул затка алар канчалык кызыктар экени, экс-премьер Т.Чынгышевдин Токтогул ГЭСинин курулушу боюнча “Азаттыка” берген интервьюсу далил.
6) СССР учурунда биздин экономика мал чарбалыкка багытталып, суунун көпчүлүк көлөмүн коңшулар менен бөлүштүрүү келишими түзүлгөндүктөн, аны кайрадан карап, жаңы келишим түзүү керек.
7) “Кампир-Абад” суу сактагычы үчүн компенсацияланбаган жердин ордуна алардын ГЭСине 30-40 пайыз үлүшкө кирүүнү талап кылалы. Жер менен суу биздики болсо эмнеге кирүүгө болбойт? Андан башка, Кампир –Абадга компенсациялоо үчүн берген 4127га бизге берген жерин тактайлы, эгер далилденсе, анда бизге келтирилген зыяндын эсебинен кайра алалы.
Жыйынтыгында улуттун кызыкчылыгына жооп бербеген чек ара боюнча комиссиянын Ташкенттеги протоколун жокко чыгаруу зарыл.
Ратификацияланган келишимдердин алкагында чек ара маселелерин коңшулар менен ынтымакта чечели. Эл аралык эксперттердин прогнозунда “жакынкы 25 жылдын ичинде дүйнө элинин 3/1 бөлүгүнө суу тартыш болот” “XX-XXI кылымдар нефтинин доору болсо, жакынкы 10-15 жылдан кийин суунун доору” башталаарын эсибизден чыгарбай кудай берген жерибизди туура колдонуп, келечектеги муундарыбыздын алгылыктуу пайдаланышына шарт түзөлү.
Акырында, жогорудагы келтирген жүйөлүү фактыларды баарыбыз түшүнүү менен туура кабыл алалы, келишимдин негизинде аткарылбаган милдеттенмелерин аткарууну жана бизге келтирилген зыяндардын ордун толтурууну, колдон чыккан кирешелерди мыйзам чегинде төлөп берүүлөрүн бирдиктүү талап кылалы. Ошондо адилеттүүлүк орнойт, улуттун кызыкчылыгын коргоого жетишебиз, коңшуларыбыз менен дооматсыз жашайбыз, достугубуз дагы чыңалат.

Исмаил Исаков, генерал-лейтенант, мурдагы коргоо министри, коопсуздук кеңешинин катчысы, депутат. 5 апрель 2021-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: