Тургунбеков Канатбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эсиңиздерге сала кетсек, Канатбек Тургунбеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт штабын жетектеген. Буга чейин ал 2020-жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабынын башчысы болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ