“Кээде мен өзүмө-өзүм дагы суроо коём. Эмне үчүн 90-жылдагы окуя дагы жыйырма жылдан кийин кайталанды деп. Дагы мындан кийин кайталанбайбы деп. 90-жылы болгон окуялардын кунөөкөрлөрү өз жазасын албай калганынан мына 2010-жылы дагы ушундай күнгө туш келип отурабыз”, – деп билдирди саясатчы Ибрагим Жунусов.
“Ушул күндө 2010-жылдагы окуяларга күнөлүүлөр, уюштургандар кайрадан жазасын тартпаса тилиме тибиртке чыксын бул окуя кайрадан кайталанышы мумкун. Бул окуя кайталанбасын десек, баарыбыз тикеден туруп карапайым элим бирөөнүн куралы болбой, бирөөнүн дубалы болбой, өзүбүздү ойлоп, өзүбүздүн ким экенибизди билишибиз керек ошондо бул нерселер кайталанбайт!” – деди Ибрагим Жунусов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ