Menu

Өзбекстанда оппозициялык «Эрк» партиясы президенттик шайлоого катыша турганын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда оппозициялык «Эрк» саясий партиясы быйыл октябрга белгиленген президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөтө турганын билдирди.

Партиянын расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө талапкерлигин ырастоо өтүнүчү менен уюмдун Борбордук кеңешине эки адам кайрылганы жазылган. Алар партиянын ардактуу ардагери эсептелген Саловат Умрзаков менен жакында эле музыкалык карьерасын аяктап, саясатка аттануу ниетин билдирген белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов. Эми партиянын Борбордук кеңеши бул эки кайрылууну карап чыгып, бирөөнүн талапкерлигин бекитиши керек.

Мындан тышкары партиянын билдирүүсүндө өзбек өкмөтү жаңы түзүлгөн саясий уюмдардын каттоодон өтүшүнө тоскоолдук кылып, алардын конституциялык укуктарын бузуп жатканы белгиленген.

Өткөн жылы январда Өзбекстандын Юстиция министрлиги «Эрк» партиясына өлкө аймагында ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө уруксат берген эмес.

«Эрк» демократиялык партиясы Өзбекстанда биринчилерден болуп расмий каттоодон өткөн алгачкы саясий уюм болуп эсептелет. Аны белгилүү өзбек акыны Мухаммад Салих негиздеген.

1991-жылы Өзбекстандагы алгачкы президенттик шайлоодо Мухаммад Салих өлкөнүн ошол кездеги башчысы Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. Байкоочулар Салих шайлоочулардын көбүнүн добушуна ээ болгонун айтып келишет. Бирок өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы анда оппозициялык саясатчы болгону 12% добуш алганын билдирген.

Бул шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан Салихтин тарапташтарына ок атылып, күч менен таратылган. Өлкөдөгү оппозициялык гезиттер жабылып, оппозиция лидерлерине каршы кылмыш иштери ачылган. Буга байланыштуу алардын көбү башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушкан. Мухаммад Салих Өзбекстандан 1993-жылы чыгып кетип, ошондон бери Түркияда бозгунда жашап келет. Анын үч бир тууганы Өзбекстанда камакка алынган.

2017-жылы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Салихтин ысымы эл аралык издөөдөгү жарандардын тизмесинен чыгарылган. Ошол эле жылы мартта оппозициялык саясатчы президент Мирзиёевди колдоп видеокайрылуу жасаган.

Бирок 2019-жылы декабрда Мухаммад Салих «Настоящее Время» телеканалына берген маегинде жаңы президент популизм менен алектенип жатканын жана андан көңүлү калганын айтып, өлкөнүн саясий талаасында эч кандай өзгөрүү болбогонун билдирген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: