Menu

Душанбе-Москва багыты боюнча 27-апрелге чейинки бардык каттамдарга билеттер сатылып кетти

Бөлүшүү:

«Сомон Эйр» жана UTair авиакомпанияларынын Душанбе-Москва багыты боюнча 27-апрелге чейинки бардык каттамдарына билеттер сатылып кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Аба байланыштары боюнча агенттиги кабарлады.

Авиакассаларда бир нече күндөн бере кезекте турган жарандар билет сатуудагы башаламандыкка жана билеттер жогорулатылган баада сатылып жатканына нааразылык билдиришүүдө.

«Менин аты-жөнүм тизмеге 31-мартта эле киргизилген. Бирок ал күнү болгону 80 гана билет сатылып, мага кезек жетпей калган. Бир нече күндөн кийин 27-апрелге чейинки бардык каттамдарга билеттер сатылып кеткенин билдиришти. Качан, кантип, кимге сатылганы белгисиз», — деди Жамшед Боймуродов аттуу тургун.

Авиакассанын алдында Москвага билет алуу үчүн кезекте тургандардын арасында аймактардан келген жарандар да бар. «Билет сатып алып, Москвага кетем деген үмүт менен Хоженттен келгем. Үч күндөн бери билет ала албай, туугандарымдыкында жүрөм», — деди кезекте турган дагы бир тургун.

Тажикстандын Аба байланыштары боюнча агенттиги 6-апрелден тартып май айындагы каттамдарга билеттер сатыла баштай турганын билдирди. «Москвага кетүүнү каалаган жарандар авиабилеттерден кыйла көп. Кезекте тургандарга май айындагы каттамдарга алсаңар болот деп жатабыз. Душанбе-Москва багыты боюнча каттамдарга билеттер авиакассалар түзгөн тизмелердин негизинде 4051 сомониден (400 доллар) сатылууда», — деди агенттиктин өкүлү.

Бирок айрым социалдык түйүн колдонуучулары авиабилеттер жогорулатылган баада — 6-8 миң сомониден сатылып жатканын билдиришүүдө.

25-мартта Орусиянын өкмөтү 1-апрелден тартып бир нече өлкө, анын ичинде Тажикстан менен туруктуу аба каттамдары калыбына келтириле турганын билдирген. 4-апрелде «Сомон Эйр» авиакомпаниясы 184 жүргүнчү менен алгачкы каттамды аткарган.

3-апрелге белгиленген Москва менен Душанбенин ортосундагы алгачкы туруктуу аба каттамы үзгүлтүккө учураган. Анда Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясы каттам 9-апрелге жылдырылганын кабарлаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: