Menu

Карагандыда жез кенине жакын жайгашкан бир нече айылдын тургундары көчүрүлөт

Бөлүшүү:

Караганды облусундагы жез кендерин иштетип жаткан «Казакмыс» корпорациясы аймактагы бир нече калктуу конуштун тургундарын башка жерге көчүрүү зарылдыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Корпорация бул чечимин «иштетилген жерлердин геомеханикалык абалынын начарлап кеткендиги» менен түшүндүрүүдө. Маалыматка караганда, кен иштетиле баштаган 1930-жылдан бери ал жерлерде боштуктар жаралган. Алар жакын жайгашкан запастарды иштетүүгө мүмкүндүк бербей, урап калса аймактагы калктуу конуштардын инженердик коммуникацияларын жарактан чыгарышы мүмкүн.

«Жогорудагы кесепеттердин алдын алуу үчүн маселени чечүүнүн бир нече жолу каралды. Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирге төрт конушту жана инженердик коммуникацияларды Жезказган кениндеги иштер таасир этпей турган жерлерге көчүрүү чечими кабыл алынды», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Өткөн жумада Караганды облусунун акими Женис Касымбек бир нече айылдын тургундарын көчүрүү туура чечим экенин билдирип, үч миң үй-бүлөнүн жери «мамлекеттин керектөөсү үчүн» деген жүйө менен алынып жатканын айткан. Өз кезегинде тургундар жез кенин иштетип жаткан жеке компаниянын кызыкчылыгын «мамлекеттин керектөөсү үчүн» деп айтууга болбойт деп эсептешүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата аталган айылдарда 30га жакын үй-бүлө калды — алар мүлкү үчүн сунушталып жаткан компенсация көлөмү менен макул болбой, үйлөрүн таштап кетүүдөн баш тартып жатышат.

Казакстандагы ири жез өндүрүүчү эсептелген «Казакмыс» ишканасына миллиардер Владимир Ким ээлик кылат. Америкалык Forbes журналы анын байлыгын 4,7 миллиард доллар деп баалаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: