Бүгүн, 6-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 124 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 77, Чүй облусунан – 43, Нарын облусунан – 3, Ош облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 89 277 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 117 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 388ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 41, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 1, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1509га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ