Menu

Куруучулар бирлигинин башчысы А.Молдобаев депутат У.Ормонов менен кайым айтыша кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар курулуш секторундагы көйгөйлөр жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн керектүү документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча кабыл алынып жаткан чараларды талкуулашууда.

Жыйында депутат Улукбек Ормонов Бишкектеги башаламан курулушка нааразы болду.

“Үй куруучулар кыйналып жатабыз деп кыйкырышат. Аларга ишенип тыйынын берген эл эмне болот? Келишим түзүлгөндө 1-2 жыл деп түзүлөт, андан кийин 5 жылдап аркасынан кууп жүрөсүң. Үй алам деген жарандардын кызыкчылыгын коргой турган жоболор иштелип чыгып, аны курулуш фирмалары аткара тургандай болуш керек. Мен билгенден, үйдү убагында куруп бүтүп ээлерине берген 2-3 эле фирма бар”, – деди депутат.

Депутат уруксаты жок курулуш иштери көп катталып жатканын айтты. “Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жерди ижарага берүү уланып жатабы же токтотулганбы?”, – деп сурады депутат.

Вице-мэр Азамат Сагындык уулу 2019-жылы жер бөлүп берүүгө мораторий киргизилгенин, 2 жылдан бери ижарага жер бериле электигин белгиледи.

“2 жылдан бери бериле элек болсо, анда алар көп кабаттуу үйлөрдү кантип куруп жатышат? “, – деп сурады эл өкүлү.

Азамат Сагындык уулу курулуш болуп жаткан жерлердин көбү 6-7 жыл мурун ижарага берилгенин айтты.

Улугбек Ормонов: Жерге көп кабаттуу үйдү курса болот деген уруксатты ким берет?

Марат Жороев: Уруксатты биз, Бишкекбашкыархитектура беребиз.

Улугбек Ормонов: Дастан акционердин коомунун жанынан 10-15 кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат бериле баштады. “Дастан” стратегиялык мааниге ээ завод. Анын жанына үй курууга ким уруксат берди?

Марат Жороев: Абай көчөсүндөгү курулуш иштерине уруксат берилген эмес. Долборлоо үчүн уруксат берилген экен.

Улугбек Ормонов: Бул бир эле мисал, мыйзамсыз курулуштун мындай мисалдары көп. Бардык жерде курулуш мыйзамсыз жана башаламан жүргүзүлөт. Мыйзамсыз курулуштарды токтотуу керек.

Куруучулар бирлигинин башчысы Аскарбек Молдобаев башаламан курулушка мамлекет күнөөлүү экенин айтты.

“Башаламан курулуш жүрүп жатат деп айтканыңызды колдойм. Бул башаламан курулушка ким уруксат берет? Мамлекет – Бишкекбашкыархитектура, Мамлекеттик экотехинспекция, шаардык кеңеш, алардын бардыгы уруксат кагазына кол коюшат. Бул жерде мамлекет гана күнөөлүү, Бишкекбашкыархитектура – мамлекеттики, Мамэкотехинспекция – мамлекеттики, бардык маселе ушул жерде. Эгерде биз курулуш мамилелерин долбоордук документтерге ылайыкташтырбасак, анда курулушту токтотуп, мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келет”, – деп билдирди ал.

Депутат бир тараптан мамлекеттик органдар, экинчи жагынан ишкерлер да күнөөлүү экенин билдирди.

“Мамлекеттик органдарды күнөөлөгөндөн мурда, силер да (курулушчулар) күнөөлүсүңөр. Уруксат бербесе оң жагынан, сол жагынан чыгып сүйлөшөсүңөр”, – деди депутат.

Ал эми Молдобаев депутаттын сөзүн бөлүп, ал куруучуларды гана айыптап жатканына ачууланды.

«Ошон үчүн бардык жерде тартип керек. Бардыгы мыйзам, жобо менен тартипке келтиришибиз керек», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: