Menu

Кримтөбөл “Лимонтинин” өлүмү боюнча жаңы жагдайлар айтылды

Бөлүшүү:

“Лимонти” каймана аты менен белгилүү болгон кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин материалдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Жабырлануучу тарап материалдарды Бишкектин райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген. Өтүнүчтү Нарын шаардык соту канааттандырып, андан соң райондук соттун чечимин Нарын облусунун коллегиясы күчүндө калтырган.

Шаардык соттун материалдарында жабырлануучу тарап Алмаз Сулаймановдун өлүмүнө бир топ адамдардын тиешеси бар деп эсептешкени, бирок алар ушул күнгө чейин кармалбай жатканы айтылат.

“Лимонтинин” жубайынын айтымында, белгисиз адамдар алардын батирине кирип, 30 сантиметрлик бычакты уурдап кетишкен. Мындан тышкары, 31-мартта батирдин ачкычы жоголгону белгилүү болгон. Ал башка ачкычтар менен чогуу (анын ичинде унаанын ачкычы да бар) болчу. Андан кийин, бул ачкычтар унаанын ачкычтары менен кошо табылган, муну кылмыштан кийин унаадан алынган сүрөттөр далилдейт. Бирок кийинчерээк ачкычтар дагы жоголуп кеткен. Бул факт боюнча, жабыркаган тарап чара көрүүнү суранып Нарын ОИИБине кайрылышкан, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Ошол эле учурда, маалымдалгандай, шаардык милиция кызматкерлери кылмыш ишин тергөөнүн объективдүү жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн деген шектенүү болгон. Соттук-медициналык экспертиза шашылыш түрдө өткөрүлгөн. Бул айрым адамдардын, анын ичинде кылмыш чөйрөсүнүн кызыкчылыгын көздөшү мүмкүн экени айтылат.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 28-мартта болжол менен саат 13:00дө Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулайманов өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары Талгат Шамшиев кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Лимонти” 1998-жылы Нарында УКТнын Имаш Шамиев аттуу мүчөсүн өлтүргөн. Анын сөөгүн килемге ороп өрттөп, Нарын дарыясына ыргытып жиберишкен.

Имаштын уулу Талгат Шамиев чоңоюп, атасынын өчүн алган. Ал Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө өз машинасы менен “Лимонтинин” машинасын келип сүзгөн, Лимонтин токтоп, унаасынын эшигин ачып чыкканда аны Талгат Шамиев унаасынын ичинен бычактап салган. Андан кийин Талгат Шамиев “Лимонтинин” сөөгүн унаасы менен милицияга чейин өзү алып келип, милицияга өзү колго түшүп берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: