Menu

Түркмөнстандын улуттук валютасы кескин кунун жоготууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда эки жумадан бери улуттук валютанын кескин төмөндөөсү уланууда. Көмүскө базарда 1 доллардын курсу 40 манатка жетти. Бул быйыл январдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 50% жогору.

Эксперттердин пикиринде, манаттын кунун жоготуп жатышына жакында түркмөн-иран чек арасынын ачылганы да себеп болууда. Мындан тышкары Түркиядагы мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын азайышы да түрткү болуп жатканы айтылууда.

Быйыл январдын ортосунда көмүскө базарда 1 доллар 27-28 манаттан сатылып жаткан. 3-апрелде Ашхабад шаарында доллардын курсу 38 манатка чыгып, кечке жакын 40 манатка чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

Түркмөнстандын Борбордук банкы 2015-жылы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп белгилеп, ошондон бери өзгөрө элек. Өлкөдө 2016-жылдан бери акча алмаштырууга тыюу салынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: