Menu

Өзбекстанда «палач №1» каймана аты менен белгилүү Нозим Жумаев түрмөдө кайтыш болду

Бөлүшүү:

2-апрелдеги жума намаздан кийин кримчөйрөдө «Палач» каймана аты менен таанымал 61 жаштагы Нозим Жумаевдин сөөгү жерге берилгени белгилүү болду.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын криминалдык дүйнөнүн Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Кавказдагы өкүлдөрү катышканы айтылууда.

«Эркин Европанын» Бухарадагы өз булактары топурак салууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да барганын билдиришти.

Навои облусундагы №11 колонияда жазасын өтөп жаткан Нозим Жумаевдин сөөгү туугандарына 1-апрелде берилген.

Маркумдун таанышы ал түрмөдөгү кыйноодон улам өлгөнүн билдирди. Аны менен кошо колонияда чогуу болгон башка бир киши Жумаев кант диабети менен ооруп, бутунан жаракат алган соң ал чирип кеткенин айтты. Ошол эле маалда анын ковидден өлгөнүн кеп кылгандар да бар.

Өзбекстан ИИМинин пенитенциардык башкармалыгынын өкүлү Жумаевдин кыйноодон улам өлгөнүн четке какты. Атын атагысы келбеген кызматкер маркум маңзаттын кесепеттеринен улам каза болгонун билдирди.

Назим Жумаев 2014-жылы декабрда кармалган. 2015-жылы сот аны маңзат өндүрүү, сактоо жана сатууга айыптап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: