Тажикстандын баш калаасындагы Душанбинка дарыясынан «Амонатбанктын» мурдагы кызматкеринин сөөгү табылды. Укук коргоо органдары бул факты боюнча териштирүү иштерин баштады.
42 жаштагы Икром Жабборзоданын туугандары ал өз өмүрүн кыйганына ишенишпейт.
Ал алты ай мурун «Амонатбанктын» Жаббор Расулов районундагы филиалынын башкы эсепчиси кызматынан бошотулган. Досторунун айтымында, Жабборзода өз бизнесин ачууга ниеттенип жүргөн.
Маркумдун мурдагы кесиптештери «Амонатбанкта» анын маселеси болбогонун, бирок былтыр аттестациядан кийин кызматынан ажырап калганын билдиришүүдө.
Укук коргоо органдары азырынча бул боюнча расмий маалымат бере элек. Өзгөчө кырдаалдар комитети Согди облусуна караштуу Жаббор Расулов районунун 42 жаштагы тургунунун сөөгү Душанбинка дарыясынын жээгиндеги бетон блокто асылган абалда табылганын кабарлаган.
Маркумдун туугандары прокуратуранын бүтүмүн күтүп, бул фактыны калыс жана кылдат иликтенишинен үмүт артышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ