Menu

Өз өлкөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекет аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандар Москвадан кармалышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жана Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныктылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну 1991-жылы туулган А.З. кармалды. Ал Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен катталган кылмыш иши боюнча 2020-жылдан бери  издөөдө жүргөн. Издөөгө алган тарап кабарланды. Кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына  киргизилип, 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргызстандын жараны, Ош облусунун тургуну  1977-жылы туулган С.Ж. кармалды. Ал Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин жасагандыгы үчүн 2020-жылдан бери  издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына  киргизилип, 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат. Чүй облусунун тургуну 1993-жылы туулган Ш.Т.  Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмүндө (Зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча 2019-жылдан бери  издөөдө жүргөн. Кармалган жаранды издөө алган тарапка кабарлама берилди.

Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1981-жылы туулган К.Р. кармалды. Ал  Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 234-беренесинин 3-бөлүмүндө  (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн   2001-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөөгө алган тарап кабарланды.

Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну 1977-жылы туулган О.Н. кармалды. Ал Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда  (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 1998-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөөгө алган тарап кабарланды.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар бул аралыкта Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүрүшкөн.   Аларды компетенттүү органдарга өткөрүп берүү жана  кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: