Бүгүн, 6-апрелде КР УКМК КР чек ара кызматы менен биргеликте контрабандалык иштерге каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Лейлек районунун тургундары Ж.Э.М., А.М.Р., М.Ш.А жана М.М.Д. аттуу жарандарга таандык төрт Мерседес Спринтер унаасын кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган автоунааларды тинтүү иштеринде коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын базарларына сатуу үчүн алынып келинген мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн түрдө тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ