Menu

Юстиция министри А.Чынбаева жана Кыргызстандагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен менен кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Юстиция министрилигинде юстиция министри А.Чынбаева менен Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын туруктуу өкүлү Луиза Чемберлендин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Юстиция министри Луиза Чемберлен айымга юстиция органдарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгы үчүн, ошондой эле «Тилектештик Автобусу» долбоорун ишке ашыруу алкагында калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү иш-чараларын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өкүлчүлүгүнүн башчысы БУУӨПнын иши, атап айтканда Туруктуу Өнүктүрүү Максаттарын ишке ашыруу боюнча маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү, калктын укуктук маданиятын жогорулатуу, укуктук маалыматка жетүү, ошондой эле калктын аялуу катмары, айрыкча майыптыгы бар аялдар жана адамдар үчүн укуктук адилеттүүлүккө жетүүсүн жакшыртуу маселери боюнча Юстиция министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өз ара аракеттенүү багыттары жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.  

Юстиция министри алдыдагы мыйзамдарды толук масштабдуу инвентаризациялоо жөнүндө кеңири маалымат берди.

Л.Чемберлен айым Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ар кандай багыттарды кызматташтыкта жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

А.Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыктын уланаарына ишенээрин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: