Menu

Коомдук транспорт сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн эркин жайбы?

Бөлүшүү:

Бишкектин дээрлик бардык жашоочулары  маршруттук таксилердин  көйгөйү менен  жакындан тааныш. Көпчүлүк адамдар үчүн эл толгон коомдук транспорт  тозок болсо, башкалар үчүн ал  муктаждыктарды канааттандыруу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк сыяктуу.  “Кандай мааниде?  Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?” – деп, түшүнбөй жатсаңыз, себебин төмөндөгү макаладан окуңуз.

Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар жана социалдык тармактар ​​өнүккөн доордо ар кандай маалыматтар чагылгандай тездик менен интернетте жайылууда.  Өткөн жылдын аягынан бери Россия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн интернет мейкиндиктеринде  сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча “жаңы” түшүнүк пайда болду.  Ал жаңы түшүнүк – харассмент.

Белгилүү кесиптештери тарабынан харассментке кабылган казак ырчысынын коомчулукка ачык айтып чыгуусу  тез арада Кыргызстанга дагы жетти.

Эгерде биздин өлкөнүн колдонуучулары үчүн жаңы гана сөз болсо, анда баары жакшы болмок, бирок бардыгы алда канча глобалдуу жана олуттуу.

Харассмент деген эмне?

Харассмент – бул адамды жабыркаткан же басынткан, жагымсыз шарттарды түзгөн, уятка калтырган же коркуткан жүрүм-турумдардын жалпы тизмеси үчүн жалпы термин.  Көчөдө ышкыруудан тартып, жыныстык катнашка барууга мажбурлоого чейин алып барган билдирүүлөр, жаңсоолор жана дене бою аркылуу билдирилген  аракеттер, мисалы тийүү, кысуу, чымчылоо. Сексуалдык шылдыңдоолор, тамашалар, басмырлоолор,  уят сөздөр, сексуалдык асылуу, ыдык көрсөтүү  жана коркутуу – бул сексуалдык харассменттин  ар кандай түрлөрү.

Маршруттук таксидеги харассмент

Харассмент бир катар иш аракеттерди камтып, коомдук транспорттогу сексуалдык ыдык көрсөтүүнү дагы аныктаган термин.

Коомдук транспортто мындай көрүнүштөр кандайча болушу мүмкүн деп, мындай көрүнүштөр бар экенин бүгүнкү күндө билбегендер дагы аз эмес.

Эгер сизде коомдук траспортто кандай сексуалдык ыдык көрсөтүү болушуу мүмкүн деген суроо жаралып жатса, ылдыйда харассментке кабылган бир кыздын окуясы менен таанышыңыз.

“Менин окуям 2018-жылы кышында болгон ..

Кеч, эл толгон маршруттук таксиде кетип бара жатсам, артымдан бирөө мени  белимден ылдый кармалай баштады.  Жок, бул кокустан тийүү болгон эмес, бул атайылап жасалган иш.  Мен дароо айланамдагыларды карап, аркага бурулсам, мени бир нече бала  курчап турган эле, ар бири ар тарапка карап турган.  Мен түшүнбөй карап,  муну ким жасаганын биле  алган жокмун.  Уят, үмүтсүздүк жана коркуу сезиминен мен дароо унаадан түшүп кеттим.  Менден башка кичи автобустан эч ким чыккан жок. Мен түшүп калган жеримде  жалдырап туруп, ыйлап жибердим. Ошол күнү ички  дүйнөмдүн бир бөлүгү кулаган”, – дейт, 21 жаштагы  Амина (аты өзгөртүлдү).

Амина өз окуясын курбулары менен бөлүшкөндө, курбулары да өз окуяларын айтып башташканда, таң калганын айтты, себеби ал өзүн мындай көрүнүшкө кабылган  жалгыз кыз деп ойлогон. Бирок, тилекке каршы борбордогу коомдук траспортто сексуалдык ыдыка кабылган кыздардын саны бүгүнкү күндө өтө көп жана ал сан күндөн күнгө өсүп келүүдө.

Instagram  социалдык тармагында жүргүзүлгөн сурамжылоого карата Бишкек шаарындагы ар бир үчүнчү кыз кичи маршруттарда, троллейбус,автобустарда харассментке кабылган же дагы деле кабылып келе жатат. Сурамжылоого жалпысынан 50 кыз катышса анын 17-18 коомдук транспортто сексуалдык ыдык көргөн. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын саны өскөн сайын, харассментке кабылгандардын саны дагы өсөт экенин байкаса болот.

Сурамжылоого катышкан кыздардын бир нечесинин окуялары:

«Мындай окуя мени менен 202чи маршрутундагы кичи автобуста болгон, мен бешинчи класста окуп, мектептен үйгө кайтып келе жаткам.  Бул окуядан кийин мен бир нече ай ушул маршруттук таксиге түшкөн жокмун.», – Алина, 21 жашта.

  «Мен муну ким жасаганын түшүнбөй калгам, транспорттон кетүүгө шашып, адан качып чыккам.  Менин  жан дүйнөм өзүмдүн алсыздыгымдан күйгөн.», – Айжамал, 23 жашта

  «Ооба, тилекке каршы, мени да маршруттук таксинин ичинде  кармалашкан жана бир эмес эки жолу болгон мындай нерсе.»,- Нурайым, 19 жашта

  «Бактыга жараша, мындай нерсе менин башыма келе элек, бирок мен өз көзүм менен көргөм.  Менин көз алдымда, бир жигит кызга тийип, сылай  баштаган, ал кыз бурулбастан, кичи автобустан чыгып кеткен.»,- Сайкал, 20 жашта

 Булар бизге  жооп берип, байланышка чыккан кыздардын эле окуялары.  Элестетип көрүңүзчү, канча деген кыз дагы деле унчукпайт жана бул жөнүндө сүйлөшкүсү келбейт, бөлүшпөйт.

 Харассментти кантип токтотуу мүмкүн?

Жогоруда жазылган окуялардан көрүнүп тургандай, сексуалдык ыдыкка кабылган кыздардын бардыгы жалгыз жана алсыз.  Мындай кырдаалдарда биринчи эле  унчукпоо жана кырдаалдан качуу эске  түшөт.  Бирок бул  эң чоң ката.  Бул жөнүндө унчукпай, айтылбаса, ушул көрүнүштөр  улана берет.

Коом мындай нерселер жөнүндө ачык жана олуттуу сүйлөшүүнү башташы керек. Харассмент же сексуалдык асылууга кабылуу уят эместигин түшүнүү керек, ушундайга баргандар уялышы керек экенин эске салуу зарыл.

Биздин коом акыры мындай нерселерди “уят” деп жазбай, талкуулоого жол бериши керек.

 Мыйзам чыгаруучу органдар  зордукчулар жөнүндө мыйзамды катуулатышы керек.

Зордук-зомбулук жана сексуалдык ыдык көрсөтүү катуу жазаланышы керек.

Айрым эксперттердин ою боюнча, коомдук транспорттогу  харасментти азайтыш үчүн, кичи автобустагы жүргүнчүлөрдүн санынын чектелүү болушу жөнүндө  мыйзам керек. Киши аз, бош маршрутиарда  педофилдер сексуалдык ыдык көрсөтүүгө  барбайт. Себеби баары ачык айкын көрүнөт.

Жана ошондой эле зомбулуктун жана сексуалдык асылуу, ыдык көрсөтүүлөрдүн  санын азайтуу  үчүн, педофилдер жөнүндө маалыматтар камтылган, айрым өлкөлөрдө ишке ашкан, электрондук сайттын иштеп чыгылышы жардам бере алат. Коом өз  “баатырларын” көзү менен билиши керек.  Балким, сүрөтү, аты-жөнү жарыялануу натыйжасында, өзү  жана ошондой эле тууган-уруктары үчүн коркуу сезим пайда болуп , кээ бир зордукчулар токтоп, кылмышка барбайт.

Харассментке кабылгандар үчүн

Психологдор харассментке кабылган кыздарга мындай кеңештерди беришет:

  • Сексуалдык ыдык көргөн кыз өзүнүн эч кандай иш-аракети менен өзүнө карата мындай мамилени жаратпайт экендигин ар дайым билиши керек.
  • Анын кийими дагы, сырткы келбети дагы, кичи автобустагы абалы дагы харассментке жол бербейт.
  • Ар бир кыз жалгыз эместигин, мунун бардыгын ал айтып бере алган курбусу,  апасы, эже-сиңдиси бар экендигин билиши керек.
  • Сиздин башыңызга келген нерсе сиздин күнөөңүз эмес. Кандайдыр бир жол менен өзүңүздү күнөөлөбөңүз.
  • Кыздар, күчтүү болуп, ойлорго алданбашы зарыл. Кичине газ же калемпир менен балон сыяктуу өзүн-өзү коргоочу шаймандарды көтөрүп жүрүүсү керек.

Элес Ырыспаева,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: