2021-жылдын 5-апрелинен тартып ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алар өздөрүнө ыйгарылып берилген аймактарда, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга, бөгөт коюуга, мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган ишти күчөтүлгөн режимде уюштура башташты.
ИИМдин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү жана даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө “ буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштер аткарылууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери күн сайын Бишкек шаарынын көчөлөрүндө кайгуулга чыгышты. Тартылган кызматкерлер көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо иштерин жүргүзүшөт. Коомдук тартипти бузган адамдарга чара көрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ