Menu

Жайыл районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган

Бөлүшүү:

Жайыл районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын сентябрь айында 1998-жылы туулган М.Н. аттуу жаран уурулук кылмышына шектелип кармалып, сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң, материал соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок, М.Н. үй камаганда болгондугуна байланыштуу сот отурумдарына катышышпай, жашаган жеринен качып кеткен.

Жайыл РИИБү тарабынан жогорудагы жаранга изөө жарыяланып, Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында качып жүргөн М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүү жаран Жайыл районунун аймагындагы дагы төрт уурулук фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: