Menu

Улукбек Марипов: “Айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолундагы суу каптоо маселесинин чечилишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган маселенин чечилиши Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланыштуу.

Адистер тарабынан аныкталгандай, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбейт, бул көйгөй 2014-жылдан бери карай чечилбей келет.

Премьер-министр белгилегендей, аталган маселени жергиликтүү бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чечүү зарыл.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы кыска мөөнөттө аталган көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү инженердик чечим жана сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

«Шаардыктарга жаан-чачындан кийн көчөдө пайда болгон көлчүктөрдү кечип өтүүгө туура келип жатса, кайсы ыңгайлуу шарттар тууралуу кеп кылууга болот. Мындай көйгөйлөр жеринде чечилиши кажет, айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда. Өз кызматтык милдеттерине кошкөңүл, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу тажрыйбасынан четтөөгө учур жетти. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусу кажет», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: