Menu

Өмүрбек Суваналиев кыргыз-өзбек чек арасындагы Сай айылынын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Баткен районунун Сай айылынын эли менен жолугушту. Бул тууралу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирет.
Сай айылы Өзбекстан Республикасынын Сох району менен чектеш жайгашкан. Айылда 2300дөн ашуун эл жашайт.
Айыл тургундарына алгач, КРнын Өкмөтүнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Алишер Эргешов, чек араны тактоо иштеринин жүрүшү жана акыркы каралып жаткан чечимдер тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Жергиликтүүлөр чек араны тактоо жумуштары боюнча бир катар сунуш пикирлерин айтып, демаркация иштеринин жүрүшүндө, көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.
Сай айылынын эли чек ара маселесин чечүүдө жергиликтүү элдин пикирин эске алуу, аймактын чек арасын жакшы билген жарандардан чек араны тактоо боюнча, Өкмөттүк комиссиягы кошуу боюнча, ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиевден, колдоо көрсөтүүсүн суранышты.
Жыйында, ыйгарым укуктуу өкүлгө, чек ара айылынын социалдык абалы, инфраструктурасы боюнча бир катар суроолор болду.
Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл, айылдын электр энергиясынын кубаттуулугунун сапатын жогорулатуу, эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу, сел коргоо тосмолорун курууну ишке ашыруу, Сай айылын Кадамжай району менен байланыштырган ички 4 км жолду баланска алуу, оңдоо, айылдын кире беришиндеги чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларындагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү боюнча, жолугушууга катышкан жетекчилерге, жеринде тапшырмаларын берди.
Ошондой эле, айылга салынып жаткан, 2014-жылы башталган типтүү мектептин курулушунун каржы маселеси чечилгени, мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилээри айтылды.
Өмүрбек Суваналиев эл менен болгон жолугушууда, Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын, алдыда чек аралаш аймактагы элдин жашоо шартын жакшыртуу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо жаатында пландуу жумуштар ишке ашырылаарын белгиледи.
Ошону менен катар, кошуна мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуу жаатында алгылыктуу иш аракеттер ишке ашып жатканын, кошуналар менен ынтымакта, жашап, тыгыз карым катнашты улантуу, учур талабы деди өкүл.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: