Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери Согдий облусунда жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Тажикстан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Тажикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун  расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда  коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди  жумшоо керектиги айтылды.

Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү  жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле, жолугушууда кылмыштуулук, терроризм,  экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды.

Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыктыгын дагы бир жолу тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: