Menu

Бишкекте мектептер онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептер 12-апрелден баштап аралыктан окутууга өтүп, бала бакчалар жабылат.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай мындай чечим 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Окуунун мындай тартиби борбордо эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, баш калаада эпидемиологиялык кырдаал курч, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары көбөйдү.

Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тартып иштебейт.

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүү да күчөтүлдү.

Кыргызстанда акыркы күндөрү күн сайын 100дөн ашык кишиден коронавирус аныкталып жатат. Алардын көбү Бишкекте.

Мэриянын бул чечими муниципалдык билим берүү мекемелерине гана тиешелүү. Жеке менчик мектеп, бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлигине карайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: