Menu

Беларус Тажикстан менен бирге Ооганстан рыногун багындырууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Душанбеде өткөн бизнес-форум учурунда Тажикстан, Беларус жана Ооганстан ишкерлери 11,3 млн долларлык келишимге кол коюшту.

Ишкер чөйрөнүн форуму 6-апрелде Тажикстан менен Беларустун өкмөт аралык комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтыгынын алкагында өттү. Тараптар айыл чарба товарларын жана агроөндүрүш менен фармацевтикалык жабдууларды өндүрүү тармактарында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Саъди Кодирзоданын айтымында, 2020-жылы Тажикстан менен Беларустун ортосундагы товар алмашуу 34,4 млн долларды түзүп, андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон. Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү былтыр 70 млн долларга жеткен.

Тажикстан менен Беларус Гиссарда трактор чыгарууну жолго коюп, техникаларды Ооганстанга экспорттоону пландоодо.

Тажик-беларус биргелешкен «Агротехсервис» ишканасы соңку эки жылда тракторлордун түрлөрүн жана алардын тетиктерди чыгарууда. «Агротехсервистин» башчысынын орун басары Жумахон Сафоевдин айтымында, продукцияны тажик эле эмес, ооган жана өзбек фермерлери да колдонуп жатат.

Форумдун алкагында, беларус ишкерлери өнөктөштөрүнө айыл чарба, текстиль, фармацевтикалык техникаларды, ал эми тажик жана ооган ишкерлери кургатылган жемиш, пахта жана жүн сунушташты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: