Menu

Байболот Абытов, профессор: Апрель революциясынын себептерине, хроникасына жана натыйжасына тарыхый саресеп

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргыз эли Апрель революциясынын 11 жылдыгын белгилөөдө.  Биз дал ошол феноменалдуу, 5 жыл ичинде экинчи жолу эгемендүү кыргыз мамлекетинин тарыхындагы экинчи элдик революциянын пайда болуу себептерине жана анын тарыхый хроникасына учкай саресеп салууну туура көрдүк.  Кыргызстанда экинчи жолу – Апрель революциясынын келип чыгышына ошол кездеги беш жыл аралыгында калың катмар эл бакиевдик үй-бүлөнүн, анын бир туугандары жана жан-жөкөрлөрүнө  элдин башынан “төө матек” алып, салыктардын баардык түрүн  жогорулатып, электр энергиясын кымбаттаткандыгы аз келгенсип, өлкөдөгү аздап болсо да иштеп жаткан завод, фабрикаларды, экономика тармактарын менчиктеп, четинен басып алып жаткандыгы элдин кыжырын келтирген. Ансыз деле акаевдик режимден алсызданып турган Кыргызстан эл аралык иликтөөлөр боюнча, 2009-жылы республикабыз КМШдагы эле эмес, дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирип, калктын 32% жакырчылыкта калган, эл арасында жумушсуздук күчөгөн. [Кыргыз туусу. 2014-ж. 4-апрель, 8-апрель.3-б.] 

Андан да кыжырдантканы расмий бийликтегилер оппозициядагыларга катуу кысым көрсөтө башташкан. Ошондуктан ушундай абалды эске алып саясий оппозицияда турган күчтөр биригүүгө, бийликке каршы чара көрүүгө өтүшкөн. Натыйжада революциянын алдыңкы күндөрү бир катар оппозиция  лидерлери камакка алынып, алардыа өз кезегинде бүтүн Кыргызстан боюнча чыккан жалпы элдик толкундоолор, расмий бийликтерге карата көрсөтүлгөн саясий кысымдар, талаптар  эркиндикке алып чыккан.

Апрель күндөрү Ала-Тоо аянтын кан майданга айланткан, ошол кыйын кезеңде кыргыздын октон кайра тартпаган 90 жакын атуулу жарык дүйнө менен коштошуп, 1500дөй адам жарадар болуп революция ишке ашкан. Албетте алардын көрсөткөн эрдиктери, канында “эркиндиктин” жалыны ойноп турган жалтанбас кайраты, дагы бир жолу кландык, коррупциялашкан, үй-бүлөлүк бийликти экинчи ирет кулатты.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай эл ошол күнү эле эмес, ага чейин дагы далай жолу нааразы болуп, ар жерде ар түрдүү митингдерге чыгып жүргөн. Булардын  негизги себептери төмөнкүлөр эле:

    •  Экинчи президент К. Бакиевдин үй-бүлөлүк диктатураны, мамлекетти үй-бүлө, бир туугандары менен башкарууну токтотмок турсун, кайра аны күчөткөнү;
  •  Бийликтин баардык бутактары биротоло коорупцияланып, авторитардык режимге айганып  кеткен эле. [Эркин Тоо. Атайын чыгарылышы. 2011-ж.  12-ноябрь. -1-3-бб.; Кыргыз туусу. 2013-ж.  5-апрель. 3-б.] 
  • ЦАРИ деген агенттикти түзүмүш болуп Максим Бакиевдин иш жүзүндө Кыргызстандын баш министр болуп алганы элди кыжырдантты;
  • Д.Үсөнов премьер-министр болгону менен, экономиканын эң пайдалуу жактарын Максимдин колуна өткөрүп бергени, ошон үчүн элде «Айдар жокто Максим бар, Айран жокто максым бар» деген кеп айтылып калган. Анткени Акаев качып кеткенде, Айдар колго алып келген мекемелердин бардыгын Максим өз колуна алып калган. 
  •  Бакиевдин башка балдары, көптөгөн инилеринин түздөн-түз эле борбордук жана жергиликтүү бийлик маселелерине активдүү кириши. Иш жүзүндө ар бир чөлкөмдө тигил же бул иниси, тармакты тигил же бул баласы тейлеп калган;
  • Өлкөдөгү баардык кирешелүү мамлекеттик, стратегиялык маанидеги ишканалардын бакиевдердин кланына өтүшү;
  •  Көп кирешелүү экономикалык тармакатрдын каржылык абалына ачыктан ачык эле киришип, өз менчиктериндей колдонууга өтүшү;
  •   Ошол кездеги расмий бийликтердин тушунда таза шайлоолор болбошуна элдин көзү жетип калган. Шайлоо жолу менен бийлик өзгөрөт деген үмүт өчкөн;
  •  Жогорудагыдай терс көрүнүштөр акыркы жолу 2010-жылдын 17-мартында бириккен оппозициянын 12 миңдей киши катышкан Форумда өткөн чоң курултайында ачык айтылып, ошол учурдагы бийликке, бир ай мөөнөт берилгенине карабай президент К.Бакиев кырдаалды оңдоого, балдарын, бир туугандарын тыюуга кудурети жетпеди же каалабады. Белгиленгендегидей терс көрүнүштөр Кыргызстан элинин кыжырдануусун четки чекке жеткизген. Кыргызстандыктардын 90-95% Бакиевдерди жек көрүп калганы кабарланса да, тилекке каршы президент К. Бакиев мындай жагдайларга көңүл бурбады. 

Натыйжада элдин нааразылыгы күчөп, революцияга кайрадан чыгууга мажбур кылды,  2010-жылы Апрель революциясы болуп өттү. 2010-жылдын Апрель революциясынын тарыхый хроникасы төмөнкү маалыматтарды бере алат.

5-апрель Таласта элдин нааразылыгы күчөп митингдер башталды.  Бишкектен А.Жапаров, Б. Шерниязов, И.Айдаралиев эл менен сүйлөшүү, тынчтык жолу менен маселени чечүү үчүн Талас ИИБ  келишкен. Тилекке каршы премьер-министр Д.Үсөновдун буйругу менен чогулган эл күч колдонуу менен таркатылган.                                                                                                                     

6-апрелде эл Талас шаарынын борборуна топтолуп, элдик курултай тууралуу сөз болду. Талас облусунун губернаторун эл барымтага алды. Анткени саат 14.00 Бишкектен 2 самолет, 4 вертолет менен ИИМ куралдуу отряддары учуп келгенден кийин губернатор кайрадан Д.Үсөнов менен сүйлөшүп, эл менен эч кандай сүйлөшүү болбосун, митингдин таркашын талап кылды. Ошол эле күнү ИИБ күчтөрү түтүн чыгаруучу шашкаларды, көздөн жаш чыгаруучу колдонуп, резина октор менен элди ата баштады.  Б.Шерниязов элди ИИБ штурмалоого чакырды, прокурор ага эскертүү жарыялады. Таласта бийлик эл менен кагылышууга даярдана баштады. Бир катар оппозиция лидерлери камакка алына баштады – Таласта Б. Шерниязовду, Ошто – Д.Чотоновду, А.Артыковду, Бишкекте- Ө.Текебаевди, Э.Каптагаевди, Т.Мадылбековду, К.Дүйшөбаевди, А.Эркебаевди УКК жертөлөсүнө камашса, А. Атамбаевди кармоого аракет кылышты.

7-апрель  А. Атамбаев, Т. Сариев, Г. Скрыпкина, Э. Ибраимова,  камакка алынды. Алайда  И.Исаковдун  коргоо комитетинин мүчөлөрү камалды. Таласка ошол түнү дагы 4 автобус ИИБ кызматкерлери, аскер күчтөрү келди. Таластын  борбордук  аянтына 20 миңден ашык киши чогулду. Эл курултай өткөрүүгө шарт  түзүүнү талап кылышты. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда эл чогула баштады. Д.Үсөнов Таластагы баш-аламандыкта областык администрация талкаланды деп билдирди. Токмокто Чүй обладминистрациясын басып алышты. Нарында элдик губернатор шайланды. Эрте менен саат тогуздар чамасында «Форумда» эл чогулуп, расмий  бийликтерге  нааразычылыктарын айта баштаган. Бишкекте «Форумда» кагылышуу болуп, ага күч колдонулду жана кагылышууда эл милиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алышты. А.Алымкулов, У.Момуналиев, А.Койчиев баштаган 3 миңден ашуун адам Чүй проспектиси менен Өкмөт үйүн көздөй бет алды. «КСДП», «Ата Мекен», «Ак шумкар» партияларынын активистери миңдеген адамдар менен Ак үйдү көздөй бет алды.  Нааразы болгон эл УКК имаратын курчап алды. УКК имаратынан элди карай ок атылды. Абактагы оппозиция лидерлери бошотулганын Т.Сариев, милициянын эл тарапка өткөнүн М.Конгантиев билдирди. Улуттук биринчи каналдан оппозиция өкүлдөрү чыга башташты. Жогорку Кеңеш тонолду, Генералдык прокуратура өрттөлдү.              К.Бакиев Ак үйдөн чыгып кетти. Ак үй кайрадан штурмалоо жолу менен элдин колуна өттү. Элдик курултайдын Аткаруу комитети мамлекеттеги жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Элдик курултайдын Борбордук Аткаруу комитетинин төрайымы болуп Р.Отунбаева шайланды. И.Исаков абактан бошотулду. Бишкектин ири соода борборлорун талап-тоноо башталды. Ошол күнү 60 адам каза болгону маалым болду. Бийлик Убактылуу Өкмөттүн колуна өтүп, ал Өкмөт №1 Декретин жарыялады. 

Кошумчалай кетчү жагдай дал ошол 7-апрель күнү эрте менен милициянын «Альфа» тобу жана атайын бөлүмү, МКК «Арстан» тобу менен  элдин ортосундагы кагылшуу «Форум» имаратында башталып, анан Ала-Тоо аянтына жылган. Саат 11.00 алгачкы ок атуулар болуп, биринчи курмандыктарды эл көрдү.[ Слово Кыргызстана. 8 апреля 2014 г.1, 3-бб.] Күтүүсүздөн колдордо куралдар пайда болгон. Көрсө алар ошол эртең мененки кагылышууда 14 автомат, 13 пистолет, «Драгунов» снайпердик мылтык, 8 кол гранатасын,  «Аглень» жана «Муха» гранатометторун, «Заря»  аттуу 100 согуштук жана 20 үн чыгаруучу гранаталарды, 15.000 ашык патронду «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышкан экен.[Ваш тайный советник. 11 февраля 2008. 8-б.]      

Ошол күндөрү тегин жерден Ө.Текебаев: “…Бийлик толугу менен 14 адамдан турган Убактылуу Өкмөттүн колуна өттү. Эми биз Өкмөт, биз Парламент, биз өлкөнүн Президенти болобуз. Ооба, бул татаал жана жакшы эмес маселе, бирок башка чечим жок…”– деп айтпаптыр.[Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3; Вечерний Бишкек, 22 февраля 2013 г. –С.8.]  Ошол эле күнү Убактылуу Өкмөттүн башчысынын Убактылуу Өкмөттүн курамы жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Ошентип, Убактылуу Өкөттү Р. Отунбаева өзү жетектеп, биринчи орун басары А.Атамбаев, орун басарлары А.Бекназаров, Ө.Текебаев, Т.Сариев – ошол эле учурда каржы министри, Коргоо министри И.Исаков, Ички иштер министри Б.Шерниязов, УККнын төрагасы К.Дүйшөбаев, Аппарат башчысы, УӨ мүчөсү Э.Каптагаевдайындалган.  Дал ушул адамдар өлкөбүздүн оор учурунда мамлекетибиз үчүн жоопкерчиликти алышып, мамлекеттик түзүлүштүн жаңы өнүгүү жолуна алып чыгышты. Ошол эле кезде мурдагы Мамлекеттик коргоо кызматы жоюлган. [Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви. –Ф.1. Т.2. К.7535. Б.58-62, 85-87; Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель,  №16. –С. 7-10; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель.] Ошентип, 2010-жылдын 7-апрелинен кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусу жаңы шарттарда, жаңыча нукта башталган. Өлкөбүздө эркин демократиялык шайлоо мүмкүнчүлүгү жаралды. Коррупция менен катуу күрөш башталды. Энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк жактан көз карандысыздыкты камсыздоо боюнча натыйжалуу иш чаралар кабыл алынып, аскер реформасы жүргүзүлө баштаган.

2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу Өкмөт №1декретине кол койгон. Ал декретке ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин, 2007-жылдын 21-октябрында референдум жолу менен кабыл алынып, учурда иштеп жаткан Конституциянын ушул декретке карама-каршы келбеген бөлүктөрү ишин улантат деп баса белгиленген. Ал эми 2010-жылдын 21-апрелинде Убактылуу Өкмөттүн Кыргызстандын Конституциясы боюнча референдумга даярданууга жооптууларды аныктаган жана анын графигин  бекиткен №13-токтому кабыл алынган. Анын маанилүү бөлүктөрүнүн көпчүлүгүндө жооптуу тарап катары  бир эле адам Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Ө.Текебаевдин аты аталган. Ошону менен эле ага төмөнкүлөр тапшырылган: жаңы Конституция долбоорунун даярдалышы; жаңы Конституциянын долбооруна талкуу уюштуруу; конституция долбоорун массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жа-на талкууну уюштуруу; 2010-жылдагы жаңы Конституциянын жыйынтыктоочу, акыркы редакциясын даярдоо. [Акипресс 25 октября 2015 года]  

Ошентип, өлкөбүздүн Убактылуу Өкмөтү Ө.Текебаев жетектеген топко Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоорун кыска убакыт аралыгында даярдап чыгуу милдетин жүктөгөн. 

Дагы бир чоң жаңылык Мамлекеттик коргоо кызматы (СГО – авт.) жоюлганы болуп калды. 

Оштогу 6-7-апрель күндөрүнө өзүнчө токтоло кетүү абзел. Ошол 87 адамдын өмүрүн алган  революция күндөрү  Ош шаарында жана областта да толкундоолор, митингдер жана расмий бийликтерге каршылыктар күчөгөн. Борбордогудай же башка чөлкөмдөрдөгүдөй эле 6-7-апрель күндөрү Ош шаарында да КСДПнын бир топ активисттерин ички иштер башкармалыгынын, УКК кызматкерлери катуу көзөзмөлгө алып, айрымдарын кармап,камап, шаардык милицияга алып кетишти. 7-апрель күнү Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунда революциялык комитет түзүлдү. Ошол эле күнү өлкөдө коопсуздукту камсыздоо, кан төгүлүүсүнө жана талап-тоноолорго жол бербөө үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруу, аткаруу боюнча чечимдер кабыл алынып, талап-тоноолорго жана чагымчылдыкка жол бербөө үчүн элдик кошуундар түзүлдү. 

Анткени революциянын жеңишин сактап калуу керек эле.  Ошентсе да 15-апрель күнү Ош шарынын борбордук аянтына он миңге жакын адам катышкан Элдик курултай өткөрүлдү. Ошол күнү Курултай бүтөрдө К.Бакиевди колдогон адамдар микроавтобустар менен облмамадминистрациянын алдындагы аянтка кирип келишти. Аларды курултайга чогулгандар автобустардан түшүрбөстөн кууп чыгышты. Бирок, бул аянттан кулатылган президенттин жактоочулары куулгандан кийин, Оштогу улуттук драма театрынын алдына барып митинг өткөрүүгө аракет кылышты. Курултайга келгендер ошол жакка сүрүлүп барышты. К.Бакиев драмтеатрдын алдына коюлган трибунага чыгып сүйлөй баштаган экен. Бирок ал жерде тургандар да анын сөзүн укпастан, көңүл бурбастан “Бакиев, кет! Кет!” – деп кыйкырып жатышты. Тез эле эл көбөйө түштү. “Кет! Кет!” – деген кыйкырыктар улам күчөп, акыры борбордук аянт тараптан келаткан элдин сүрүнөн алдастаган коргоочулары жана жан-жөкөрлөрү К.Бакиевди колтуктан алып, жетелеген боюнча качышты. Коргоочулары жөн качышпастан автоматтардан, карабиндерден асманга, жерге карай ок жаадырышып, чоң жолго коюшкан ок өтпөс машиналарына отуруп качышты. Мына ошондон кийин К.Бакиев Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болду. Эгерде 15-апрель күнү оштуктар К.Бакиевди кабыл алганда, ал шаардык мэрияга же облустук мамлекеттик администрацияга отуруп алып кетпей коймок. “Мен аракеттеги президентмин” деп отура бермек, анан бийлик талашып граждандык, согуш коркунучу толук мүмкүн эле.

8-апрель Ак үй толугу менен алынды. Р. Отунбаева жетектеп, курамына А.Атамбаев, Т.Сариев, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, И. Өмүркулов ж.б. кирген Убактылуу Өкмөт өз ишин баштады. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде элдик губернаторлор шайланды. В.Путин менен Р.Отунбаеванын сүйлөшүүсү болду. Коогалаңда каза болгондордун саны 68 жетти. Чөлкөмдөрдө абал тынчый баштады.  

10-апрель Ата бейит комплексинде Апрель революциясында курман болгондордун сөөгү жерге берилди.  Ал күнү ошол «… Апрель революциясынын баатырларына таазим этип, аларга түбөлүк даңк!» – деп өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева айтса, премьер-министр А.Ш.Атамбаев «…Элдин жаркын келечеги үчүн өлүмдөн жалтанбай чыккан жигиттер баатырларча курман болушту. Алар мамлекетти сактап калуу менен бирге демократияга карай жол ачып кетишти…» деп баса белгилеген. Ал эми Жогорку кеңештин төрагасы А.Келдибеков: «7-апрель өлкөнүн соңку жаңы тарыхында демократия жолуна түшкөн жаңы Кыргызстандын түптөлүү күнү, улуу бурулуш учуру катары кала берет. Ушундай баатырларды тарбиялаган ата-энелерге миң мертебе алкыш айтып, башты ийип таазим кылабыз..» – деген жалындуу сөздөрдү айтышкан.[220, Голос Америки: Была ли революция в Кыргызстане? Мнения эксперта14 октября 2006 г.; Эркин Тоо. 2011-ж.  18-ноябрь. 1-2-бб.] 

11-апрель  К.Бакиев өзүнүн туулган айылы Тейитте жыйын өткөрдү.  

14-апрель  Москвада Убактылуу Өкмөттүн жетекчисинин орун басары  А.Атамбаев менен Россия премьер-министри В.В.Путиндин сүйлөшүүсү болду. Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү маселеси каралды. Дагы 2 адамдын сөөгү Ата бейитке коюлду. 

15-апрель  Ошто Убактылуу Өкмөттү колдоо митинги болду. Кечинде К.Бакиев Жалал-Абадга келген Казахстандын самолету менен качып кетти.

16-апрель Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлү, Казахстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Б.Исабаев Р.Отунбаевага К.Бакиевдин Президент катары расмий ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу арызын тапшырышты. «Казинформат» мамлекеттик информациялык агентствосу К.Бакиевдин отставкага кетүү жөнүндөгү арызынын кол жазмасынын көчүрмөсүн жарыялады. Ошентип К.Бакиевдин режими Апрель революциясынын натыйжасында кулады. Бирок ал мурдагы президенттей жөн эле качып кетпестен бир убакта өзү «Ак үйдү автомат менен коргоймун» – деп айткандай куралсыз элге ок жаадырып коргоду. Өз бийлигин бергиси келбей жан талашты. Анын натыйжасында токсонго жакын азамат курман болду.

Эми ошол Апрель революциясында жабыркагандар, курман болгондор жана медициналык жардам көрсөтүлгөндөр жөнүндө кээ бир маалыматтарга күңүл бурсак.  Кыргыз Республикасынын ошол күндөрдөгү маалыматтары боюнча 2010-ж. 6-8-апрелдеринде өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо мекемелерине ар кандай жарааттар менен баардыгы болуп 1621 адам кайрылган. Албетте алардын дээрлик көпчүлүгү атуулдар, азыраагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Жабыркагандар төмөнкү жактарга кайрылышкан:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрилигинин Улуттук госпиталына 228 жабырлануучу кайрылып, алардын 115 жаткырылып, 21 курман болгон.
  • Улуттук хирургиялык борборго 115 адам кайрылып, алардын 55 жаткырылган, 9 адам курман болгон. 
  • Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 233 адам кайрылып, алардын 138 жаткырылып,  4 курман болгон.
  • Бишкек шаардык №1 клиникалык орруканага 70 адам кайрылып, алардын 30 жаткырылды, 5 курман болду.
  • Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына 52 адам кайрылып, алардын 27 жаткырылды, 2 курман болду. 
  • Шаардык №6 ооруканага 2 адам кайрылып экөө тең жаткырылган.
  • Энени жана балдарды коргоо улуттук борборуна 20 жабырлануучу кайрылып, баары жаткырылды. Курман болгондор жок.
  •  Темир жол ооруканасына 26 жабырлануучу кайрылып, 17 адам жаткырылды. Курман болгондор жок.
  •  Бишкек тез жардам станциялары тарабынан 319 адам тейленди, шаардык травматология пунктуна 13, кошумча медициналык пунктка 8 адам кайрылып жардам алган.
  • үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 41 адам кайрылып, жардам алышкан.
  •  Чүй областынын медициналык мекемелерине 125 адам кайрылып, 62 жаткырылды.
  • Нарын областында 10 адам жаткырылды.
  • Таласта 172 адам медициналык жардамга кайрылып, алардын 66 жаткырылды. 
  • Ошто областтар аралык ооруканага 4 кайрылып, 2 жаткырылды. 
  • 2010-жылдын 14-апрелине республикалык судмедэкспертиза бюросуна ар кандай жарааттардан каза болгон 84 адамдын сөөгү түшкөн, алардын 2 тааныла элек болгон.
  • Республикалык кан борборуна 7-14-апрелде жараат алагандарга жардам иретинде 2549 адам кан тапшырган.

2010-жылдагы Апрель революциясы азыркы кыргыз элинин өз азаттыгы, эркиндиги, адилеттүүлүк үчүн күрөшү болуп калды. 7-апрелде кырчындай өмүрлөр кыйылып, өз элинин келечеги үчүн кыргыздын чыгаан уулдары курман болушту. Албетте алардын ар бири өз элинин баатырлары болушту, ар биринин ысымдары эл жүрөгүндө, мамлекет тарыхында түбөлүккө сакталаары талашсыз. Апрель күндөрү кыргыз эли, анын татыктуу уул-кыздары бир адамдын, үй-бүлөнүн бийлиги менен байлыгына куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтө алышты. Бул революция күндөрү кыргыз тарыхынын жаңы барактарын ачып, жаңы тарых барактарын баштап берди. 

 Жогорудагыларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Президент А.Ш. Атамбаев 2011-ж. 17-ноябрында кол койгон атайын мыйзамда:

«1. Өз Ата Мекенин алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берил гендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз республикасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин…» – деп айтылган.[Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешинин архиви. Папка №288–V. –8-б.] Эске ала турган дагы бир жагдай, президенттин жарлыгына чейин бул маселе Жогорку Кеңештин атайын жыйынында  депутаттар И.Исаков, Г.Жамгырчиева, М.Сабировдор тарабынан 7-апрель Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин деген сунушту, колдоп Жогорку Кеңеш атайын токтомун чыгарган.[КР ЖКА… – Папка №823–V. –1-б.]  Ошондон бери 7-апрель расмий түрдө эскерүү, майрам күнү катары белгиленип келүүдө.  

Апрель революциясынын натыйжасында коррупцияга жана авторитаризмге белинен баткан К.Бакиевдин бийлиги, режими кулады.  Ошол революциялардын сабактары жөнүндө өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева 2011-ж. 30-ноябрында Жогорку кеңештин атайын жыйынында, Президенттик бийликти А.Ш.Атамбаевке өткөрүп жатып жасаган кайрылуусунда да баса белгилеген: «Өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Конституциянын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылдыкты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепттерин иштеп чыга алды:

  1. Кыргызстан эли менен эсептешпей коюуга болбойт, анткени ал реалдуу күч.
  2. Эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга (узурпациялоого) акысы жок. Бийлик аны кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандай болуп түзүлүүгө тийиш.
  3. Өлкөнүн лидерлери элге берген убадасын так аткарышы абзел.                                     
  4. Саясатчылар коркутуудан жана күч колдонуудан алыс болусу керек, анткени ар кандай күчкө каршы турган күч дагы табылат.[Отунбаева Р.  Эл менен эсептешпей коюга болбойт // Кыргыз Туусу 20011-ж. 2-декабрь. -5-6-бб.]

Ошол апрелде келген жаңы бийликтин башчысы Р.Отунбаеванын айтымында, акыркы Апрель революциясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчө феномен катары бааланган. …Анткени Апрель революциясы маани-маңызы боюнча саясий, мүнөзү боюнча элдик революция болгон. Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес саясий принципсиздикке, кайдыгерликке каршы күрөшкө чыкканын баса белгилеген. 

Демек минтип айтууга бир катар негиздер бар. Биздин пикирде андай себептер, апрел революциясына түрткү болгон факторлор катары төмөнкүлөрдү айтууга болот:

  1.  Апрел революциясына шарт түзгөн саясий, социалдык-экономикалык себептер;
  2. Саясий кырдаалдын өсүп-өнүгүшүнүн динамикасы, саясий трансформациянын өзгөчөлүгү;
  3.  Апрель революциясынын негизги максаттары жана милдеттери;
  4.  Революциянын кыймылдаткыч күчтөрү жана лидерлеринин орду жана ролу;
  5.   Революцияга түрткү болуучу жалпы мыйзам ченемдери, негизги факторлордун өнүгүү динамикасы;
  6.  Бийликтин жана башкаруу системасынын алмашуусунун,  Конституциялык реформанын зарылдыгы ж.б.

Мына ушул факторлор Апрель революциясына, анын маани-маңызына,  баа берүүгө ар тараптуу өбөлгө түзө алат. 

Ошол Апрель  революциясы толук ишке ашакандан кийин өлкөдөгү расмий бийлик убактылуу Өкмөткө өткөн. Ал Өкмөттүн эң алгачкы Декрети 2010-ж. 7-апрелинде чыгып анда элге каршы болгон Бакиевдин режиминин кулаганы, бийлик толугу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өткөнү жарыя болгон. Убактылуу Өкмөт 2010-ж. 27-октябрында өтө турган бүткүл элдик референдумга, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганга  чейин өз вазыйпасын аткараары бышыкталган. Тарыхый мааниге ээ биринчи декретке ылайык өлкөдөгү Президенттин да, өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да ыйгарым укуктары Убактылуу өкмөттүн карамагына өткөн. Анын ишмердүүлүгү башка тарых.

Б.К.Абытов тарых илимдеринин доктору, профессор

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

32 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: