Бүгүн, 7-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 161 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 97, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 46, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан 1, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал -Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 89 438 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 108 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 496га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 67, Чүй облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 2, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1512ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ