Menu

Фото – Президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Фото пресс-службы президента

 «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: