Menu

Казакстан мажилиси чет өлкөлүктөргө жер берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бөлүшүү:

Казакстан парламентинин мажилиси жалпы жыйында айыл чарба жерлерин чет өлкөлүк же жарандыгы жок кишилерге, чет өлкөлүк үлүшү бар компанияларга сатууга же ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Айыл чарба министри Сапархан Омаровдун билдиришинче, мыйзам долбооруна ылайык, мурун чет өлкөлүктөр жана чет өлкөлүк үлүшү бар казакстандык компаниялар ижарага алган жерлердин пайдалануу мөөнөтү узартылбайт.

Аткаминердин билдиришинче, Казакстанга көчүп келген кандаштар жеке чарба, багбанчылык жана дача салуу үчүн жер тилкелерин ала алышат. Ошол эле маалда аларга айыл чарба жерлери казак жарандыгын алгандан кийин гана ижарага берилет.

Ушул тапта Казакстанда 74,4 миң гектар жерди жети биргелешкен ишкана, 18,5 миң гектар жерди эки чет өлкөлүк юридикалык жак ижарага пайдаланууда. Омаровдун айтымында, бул жерлер мораторийге чейин берилип кеткен. Ижара мөөнөтү 2020-2025-жылдары аяктайт.

12-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев межилиске чет өлкөлүктөргө жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жөнөткөн. Токаев документти талкуулоо үчүн комиссия түзүүнү да тапшырган.

2016-жылы Казакстанда айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна коомчулук наарызы болуп, жапырт акциялар өткөн. Буга байланыштуу ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев документке беш жылга мораторий киргизген. Анын мөөнөтү быйыл 31-декабрда аяктайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: