Menu

Тамеки чеккен кыздар, өспүрүмдөр көбөйдү

Бөлүшүү:

Адистер көнүмүш адатты айрым учурларда экинчи мүнөз деп аташат. Анткени адаттардын жашообузга тийгизген таасири абдан чоң. Адамдын көнүмүш адаты «от» сымал. Бир жагынан караңгы жолубузду жарык кылып берсе, экинчи жагынан өмүрдү кыюучу ырайымсыз душман. 

Өтө кеңири тараган зыяндуу адат жана биздин заманда эң курч маселелердин бири – бул тамеки чегүү. Биздин коомдо эркек кишинин чылым чегүүсү көнүмүш адат, ал эми айымдардын тамеки чегүүсү, өзгөчө «кыргыз менталитетинде» биздин коом кандай көз карашта? 

Кыргыз кыздарынын бул тууралуу ойлору кандай экендигин, эмне үчүн тамекини колдоно баштагандыгы тууралуу   Алтынай Турсуналиева өзүнүн окуясында айтып берди:

Мен чылымды 7 жылдан бери колдонуп келем. Азыр 25 жаштамын. Айылдан шаарга келип, окууга тапшырган учурда бир топ курбу кыздар менен тааныштым. Бул жакта “кой-ай» деген ата-энем жок, өзүмдү эркин сезип жүрдүм. Башында мага сунуштаганда баш тартып келгем. Бирок “бир жолу даамын татып көрсөм эмне болмок эле” деп биринчи жолу тамеки тартып көрдүм. Андан кийин дагы бир жолу, экинчи, үчүнчү жолу, кыскасы улана берди. Кийин деле каалаганда таштап коём деп ойлодум. Бирок, андай болбоду… Биздин коомдо  кыз кишинин тамеки чегүүсүнө терс көз карашта. Көчөдө көрүшсө эле сүйлөнүп өтүшөт. Башында абдан уялчумун.  Азыр көнүп калдым. Эмне үчүн биздин коом, кыздардын тамеки чегүүсүн жат көрүшөт. Европа мамлекетинде бул кадимкидей эле көрүнүш. 

Кыргызстанда 2016-жылдын июль айынан бери 18ге чыга элек өспүрүмдөргө чылым жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып келинет. Ага карабастан, бойго жеткендердин ичинен 80%ы тамеки чегүүнү өспүрүм курагынан баштагандыгы тууралуу айтып келишет. Мектеп окуучусу Айгерим (аты-жөнү өзгөртүлдү) жайкы эс алууда лагерге барып, ошол жактан үйрөнүп келгендигин айтып берди:

Ата-энем мени 4-классымдан бери жайкы эс алууда лагерге жиберишет. Кичинекей кезимде чоңдордун чылым тарткандарын көрүп алып “кантип уялышпайт, ден соолукка зыян да” деп айтчумун. Бирок 8-классымда лагерге баргандан кийин бардыгы өзгөрдү. Башкаларды көрүп, аларды туурагым келди. Ошентип мен дагы тамеки чеге баштадым. Азыр 10-класста окуйм. Ата-энем билбейт, «сейилдеп келейинчи» же «курбуларым менен жолугуп келейинчи» деп чыгып тамеки тартып келем. Эми таштай аламбы, бул тууралуу ойлонуп келем. 

Ден соолукпу же ырахат алуубу

Статистикалык маалымат боюнча тамеки чеккен аялдардын 42 пайызы балалуу боло албай калышат. Боюна бүткөндө дагы 70 пайызы оорулуу, 55 пайызынын балдары чарчап калышат экендиги айтылат. Көпчүлүгү боюнда бар мезгилде гана тамеки чегүүнү токтотуп койсо, бала аман-эсен төрөлөт деп ойлошот. Адистердин айтымында андай эмес. Аял кишиге жумуртка клеткасы бир гана жолу берилет. Ал жаңыланып турбайт. Өспүрүм курагында бир эле жолу тамеки чегип көрсө дагы, келечектеги баласы оорулуу төрөлүшү ыктымал. 

23 жаштагы Айгүл айымдын окуясы:

 –Мен 3 жыл мурун апамды жоготуп, катуу стресске чалдыккам. Ошондон кийин тамеки тартып баштадым. Былтыр жайында күйөөгө чыктым. Жолдошум тамеки колдонгонума эч каршы эмес болчу… Жыл айланбай балалуу болдук. Бирок, балам жүрөк оорусу менен төрөлдү.  Муну уккан күйөөм  баарына мени күнөөлөп, балам экөөбүздү таштап кетти.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев чылым ар түрдүү ооруларга алып келээрин айтат: 

Биз азыр абдан жаман абалга келдик. Анткени бизде тамеки чеккен адамдардын саны чекпеген адамдардан көбөйүп кетти. Тамеки тартуу жүрөк, өпкө, рак, кан тамыр, тиш, ашказан, мээ ооруларына, ошондой эле кант диабетине ж.б. көптөгөн дарттарга алып келет. Бул өтө кооптуу маселе.

Медицина академиясынын ассистенти, тамекиге көз карандуулукту дарылоо боюнча дарыгер Асел Боржубаеванын айтымында эркектердин арасында 45 пайызы же ар бир экинчи тамеки тартышат. Аялдардын арасында болсо 10 пайызга чейин. Бирок азыркы учурда алардын саны дагы да өсүп жатат. 

Изилдөө иштердин натыйжасында, жаш кыздардын жана балдардын арасында тамеки тарткандардын саны теңелип баратканы айтылат. Демек, 20-30 жылдан кийин аялдар менен эркектердин тамеки чегүүсүнүн саны бирдей болот деген кооптонуулар бар. 

Тыюу салуу натыйжалуулукту алып келеби?

Саламаттыкты Сактоо Министрлиги тарабынан 12 коркунучтуу иллюстрациялык сүрөттөр бекитилип, 2016-жылдын 1-январдан баштап тамеки кутусунун сырткы кабыгына чыгарыла баштаган жана тамеки чегүү ден соолукка зыян экендиги жазылган. Ал пайдасын тийгизиап жатабы?

Борбор калаанын тургуну Кайрат Асаналиевдин айтымына караганда тыюу салуу эч качан жардам берген эмес жана келечекте дагы жардам бербейт. “Өспүрүм куракта эле тамекинин зыяндуулугун түшүндүрүп, алар үчүн спорт комплекстерди салуу керек. Бизге келечекте ден-соолугу чың муундар керек. Ал эми кыздардын арасында тамеки чегүүгө таптакыр каршымын. Айымдар, башка элдин маданиятын үйрөнбөгүлө. Бекеринен «кызга кырк үйдөн тыюу» деп айтылган эмес. Качан эле биздин энелерибиз, чоң апаларыбыз тамеки колдонушчу эле. Балдар, кыздардын жанында тамеки чекпегиле.  Аларга аяр мамиле жасагыла»,-дейт Кайрат Асаналиев.

Экосистемага тийгизген таасири

 Тамеки адамдардын ички органдарына гана эмес, айлана-чөйрөгө дагы терс таасир тийгизет.  Мисалы, жылына  тамекинин жалбырагын кургатуу үчүн 11,4 миллион тонна жыгач кыйылат. Бул дүйнөлүк экосистемага терс таасир тийгизет. Ошол эле учурда жылына 6 триллион даана тамеки чегилет деп айтсак, анын 5 миллион тонна булганыч газдары абага кошулат. Ал аба менен чылым колдонгон дагы , колдонбогон адам дагы дем алат. 

Эң биринчи тамеки америкалык индеецтер тарабынан ойлоп табылган. 1853-1856 жж Крым согушунан кийин бүткүл Европага, Орусияга тарап, андан Кыргызстанга да жеткен. Азыркы учурда коомдук жайларда, транспорттордо тамеки чегүүгө тыюу салынат. 

Алина Акматова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 36 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: