Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, КР ИИМнен 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, КР ӨКМнин ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылды.
Белгилей кетсек, 2-апрель күнү Алай районунун Белекбаев а/а Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-ж.т. Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ