Menu

Бишкекте уурдалган кыздын жана аны алып качууга шектелген эркектин жансыз денелери табылды

Бөлүшүү:

Милиция уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын жансыз денесин тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында,  бүгүн, 7-апрелде болжол менен саат 14:30да Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын ичинде кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барышкан. Талаанын жанынан Honda Civic үлгүсүндөгү унаасы табылган. Анын айдоочусу кызды уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн. Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган», – деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрелде көргөнүн, бирок унаа ылайга тыгылып калган деп ойлоп, көңүл бурбаганын айткан. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп милиция чакыртышканын айтышкан.

Алдын ала версия боюнча, эркек киши кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып өмүрү кыйган.

“Учурда ар тараптуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: