Menu

Уурулукка, коррупцияга шектелип чет өлкөдө качып жүргөн “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаев кандайча депутат болуп калды?

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти басып алган партиялардын бири “Ата-Мекенге” бир нече министрлик “устукан” катары бөлүнгөн. Алардын бири – Мамлекеттик мүлк министрлиги эле. Бул министрликтин башчылыгына Текебаев партиянын мүчөсү Шералы Абдылдаевди алып келген.

Шералы Абдылдаев бул министрлик кызматта 2010-2011-жылдарда иштеп, бир нече кылмыш иштерине из калтырып кеткен.

“Мегаком” ишканасы 100% Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеевдики болгонуна карабай Убактылуу Өкмөткө 49%ын гана мамлекетке улутташтырышып, калган 51%ын “Максим Бакиевдики эмес, чет элдиктердики” деген шылтоо менен 4 жыл өздөрү “саап” жүрүштү. 2014-жылы гана бул ишкана 100% мамлекетке өткөрүлдү. Шералы Абдылдаев 2010-жылы Убактылуу Өкмөт улутташтырган “Мегакомдун” 49%ын да КР Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, толук мамлекеттин карамагына алган эмес. Натыйжада, жылына миллиондогон долларлар уурдалып турган. КР УКМКнын маалыматы боюнча Максим Бакиев ээлик кылган “Мегаком” 2009-жылы бир жылда $30 млн таза киреше тапса, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн карамагына өткөндөн тартып, “Мегакомдун” кирешесин жылына  $15 млн гана көрсөтүлүп, жылына $15 млн акча уурдалып турган. Атамекенчилер Шералы Абдылдаевдин колу менен “Мегаком” ишканасына контролду Россиялык шылуундарга өткөрүп берүүгө бир нече жолу аракет кылышкан.

Атамекенчи Шералы Абдылдаев Мамлекеттик мүлк министри болуп турган учурда Максим Бакиевге афирирленген Бишкек Петрол групп нефть компаниясы улутташтырылып, 2011-жылы 17-октябрда ачык аукциондо БНК компаниясына  $34,5 млн акчага сатылган. Бирок ошол эле күнү Текебаев Атамбаевге кирип чыккандан кийин, 19-октябрда Абдылдаев аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарып, Бишкек Петрол группту атамекенчи депутат Сайдулла Нышановдун убактылуу көзөмөлүнө өткөрүшүп,  1 айдан кийин 3-ноябрда кайра аукцион уюштурумуш болуп, ошол эле нефть компаниясында иштеген Кайрат Курбановго 7-декабрда $2 млн 924 миң акчага сатылды деп чечим чыгарышкан. Кайрат Курбанов жана анын достору 6 айдан кийин эле Петрол группту $39 млн акчага сатышканы белгилүү. Ошондо мамлекеттин казынасына түшө турган $36 млн ашык акча кимдердин чөнтөгүнө бөлүнүп кеткени алигиче белгисиз.

2012-жылдын 19-январынан тартып атамекенчи Шералы Абдылдаев КР Транспорт министринин орун басары кызматына которулган. Эсиңиздерде болсо ал жылдары Транспорт министрлиги да “Ата-Мекен” партиясынын карамагында болуп, партиянын өкүлү Калыкбек Султанов башкарып турган.

Андан сырткары атамекенчи Шералы Абдылдаевге 2010-жылдары “Мегаком” ишканасынан чоң пара алган, эски машинасын “Мегакомго” $15 миңге зордоп саткан, атамекенчилерге бир нече мамлекеттик кыймылсыз мүлктөрдү сынаксыз өткөрүп берген, бир нече гектар айыл чарба жерлерине элиталык курулуштарды курууга мыйзамсыз уруксат берүүгө жардам берген деген дооматтар айтылып келүүдө.

Бир нече жылкы иликтөөлөрдөн кийин КР УКМК атамекенчи Шералы Абдылдаевди суракка алып, тергей баштаганда 2017-жылы июнда Шералы Абдылдаев Түркияга качып кеткен. КР Улуттук коопсуздук комитети атамекенчи Шералы Абдылдаевге расмий издөө жарыялаган.

2020-жылы октябрдагы ызы-чуулар учурунда Шералы Абдылдаев Бишкекте пайда болуп, Өмүрбек Текебаевдин жардамы менен “катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу” кылмыш иштери убактылуу токтотулуп (айрым маалыматтар боюнча Батукаев сыяктуу рак оорусу менен деп аталган), үйүндө баш калкалап жүрүп калган.

2021-жылдын 31-мартында Шералы Абдылдаев лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты болуп келди. Ошондо анын катуу оорусу (рак) сакайып кеттиби? Ылайым ошондой эле болуп сакайып кетсин. Бирок ага каршы козголгон кылмыш иштери ошол ооруга байланыштуу токтотулбады беле?

2017-жылы ага издөө салынганда бир эле кылмыш беренеси – коррупция беренеси аталган. Ал кылмыш беренеси боюнча биринчиден кылмыш мөөнөтү өтпөйт, экинчиден депутаттык кол тийбестик макамы иштебейт. Ошондуктан УКМКнын антикоррупциялык кызматы атамекенчилердин бул кылмыш иштери боюнча коомчулукка эмне деп жооп берет?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: