Menu

Forbes миллиардерлердин тизмесине Казакстандын дагы үч жаранын кошту

Бөлүшүү:

Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине Казакстандын дагы үч жаранын кошту.

Алар «Freedom Holding» аттуу брокерлик компанияны жетектеген 33 жаштагы Тимур Турлов (2,1 миллиард доллар) жана «Kaspi bank» коммерциялык банкын башкарган «Kaspi» финтех компаниясына ээлик кылган 51 жаштагы Вячеслав Ким (3,3 миллиард доллар) менен 45 жаштагы Михаил Ломтадзе (3,2 миллиард доллар).

Муну менен Forbes’дун тизмесиндеги казакстандыктардын саны жети кишиге жетти. Алардын жалпы байлыгы 22 миллиард доллардан ашат.

Казакстандын эң бай адамдарынын башкы сабында «KAZ Minerals» металлургия гигантынын кожоюну Владимир Ким турат. Ал бир жыл ичинде байлыгын 900 миллион долларга көбөйүп, 4,6 миллиард долларга жеткирди. Владимир Ким жалпы миллиардерлердин тизмесинде 622-орунда турат.

Казак миллиардерлеринин экинчи катарында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири деп саналган бизнесмен Булат Утемуратов турат. Металлургия, тейлөө жана медиа тармактарында бир нече компанияга ээлик кылган Утемуратовдун байлыгы бир жыл ичинде 700 миллион долларга артып, 3,4 миллиард долларга жетти.

Казакстандын жаңы үч миллиардеринин арасына кирген Вячеслав Ким менен Михаил Ломтадзе дароо эле үчүнчү жана төртүнчү орунга чыгышты.

Бир топ жылдан бери миллиардерлердин катарынан түшпөй келаткан Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин ар биринин байлыгы 2,8 миллиард доллар деп бааланды. «Forbes» мурдагы президент Назарбаевдин кыз-күйөөсү ээлик кылган компаниялар инвестиция жана финансы тармактарында иш алып барарын белгиледи.

Тизмедеги казакстандык миллиардерлердин акыркы сабынан Тимур Турлов орун алды. 33 жаштагы бул ишкер Казакстандагы эң жаш миллиардер болуп калды. Ал 2008-жылы окууну аяктай эле жатып, “Freedom Holding” аттуу брокерлик компания түзгөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: