Menu

Тажикстанда 28 жылга соттолгон ишкер ооруканада каза болду

Бөлүшүү:

Тажикстанда бир нече айыптоолор боюнча 28 жылга эркинен ажыратылган «Умед-88» компаниясынын мурдагы жетекчиси Ражабали Одинаев 7-апрелде Душанбедеги ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

25-мартта Тажикстандын Кылмыш жазаларын аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров түрмөдөгү Ражабали Одинаевдин саламаттыгы кескин начарлап, «Тез жардам» унаасы менен Душанбедеги ооруканалардын бирине жеткирилгенин билдирген. Анын айтымында, «Умед-88» компаниясынын мурдагы башчысынын ашказанындагы жара жарылып, операция жасалган.

Ражабали Одинаев 2017-жылы президент Эмомали Рахмондун катуу сынынан кийин кармалып, камакка алынган.

2018-жылы ал насыяга берилчү «ири өлчөмдөгү каражатты уурдоо, кызмат абалынан пайдалануу, мамлекеттин акчасын кымырып алуу» деген айыптоолордун негизинде 24 жылга эркинен ажыратылган. Былтыр анын жаза мөөнөтүнө дагы төрт жыл кошулуп, жалпысынан 28 жылды түзүп калган.

Бийлик алгач аны Рогун ГЭСинин курулушуна бюджеттен бөлүнгөн 171 млн сомонини кайтарбай койгон деп айыптаган. Кийин Ражабали Одинаевге насыя катары берилчү өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны уурдоо, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик мүлктү өзүнө ыйгарып алуу сыяктуу бир катар оор кесепеттерге алып келген айыптар тагылган. Анын туугандары Одинаев бошонуп чыкса, «Умед-88» компаниясындагы мүлктөрүн сатып, Рогун ГЭСине карызын төлөп бермектигин айтып, калган айыптоолорду четке каккан. Бирок бийлик андай сунуштан баш тарткан. Укук коргоо органдары былтыр Ражабали Одинаевдин компаниядагы мүлкүн сатуудан Рогун ГЭСине келтирилген 42 миллион сомони материалдык зыяндын орду толтурулганын жарыялаган.

«Умед-88» компаниясы 2006-жылдан бери Тажикстандын күйүүчү май рыногунда иштеп келген. Анын жетекчисинин маалыматы боюнча, компания бюджетке 2 млрд.сомониден ашуун салык төккөн. Компания жабылганга чейин анда беш жүздөн ашуун адам иштеген.

«Умед-88» 2018-жылга чейин Тажикстанда орусиялык «Газпром» жана «Фароз» компаниясы менен атаандаш болуп, өлкөгө күйүүчү май ташыган үч компаниянын бири болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: